Акыркы учурда «экономикабыздын абалы күн өткөн сайын оор болуп баратат» деген кептер көз карандысыз адистер тарабынан ар убак айтыла баштады. Ал тургай айрымдары мындай темп менен кетип олтурсак эмдиги жылы мамлекеттик казынабыз такыр эле какшып калаары туурасында да божомолдорун билдирүүдө. Казына демекчи, өткөн аптанын этегинде, өкмөтүнүн кезектеги жыйынында өкмөт башчысы М. Абылгазиев өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткара албагандыгы жана ишиндеги кетирилген кемчиликтери үчүн финансы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш, ал эми анын орун басары Мирлан Байгончоковго катуу сөгүш жарыялады. Ошону менен бирге эле финансы министрлигине биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу долбоорлорун жана программаларын каржылоону ишке ашыруу тапшырылды.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ