Menu

“Депутаттардын онлайн” менен окуусу…

Бөлүшүү:

Урматтуу бийлик башында жургөн аткаминерлер! Бүгүн кыргыз тил жана адабият, математика, география сабактарын онлайн түрүндө өтөбүз. Бардыгыңар кымбат баалуу соткаңарды алгыла, делдең кулагыңарга куюп, кунт коюп, көңүл буруп окугула! Өткөн сабакта кыргыз тили дегеле мамлекеттик тил жөнундө мыйзам качан, кимдер тарабынан кабыл алынган деген суроолорго даярданып келгиле дегем, кана ким жооп берет? Каныбек Иманалиев биринчи кол көтөрду жообун угалы.

-1918-жыл Орто Азия, алардын арасындагы кыргыз эли үчүн советтик улуттук мамлекеттүүлүктүн алгачкы кадамы катары эсептелген. Ал кезде Түрстан автономиялуу республикасынын түзүлүшү эбегейсиз зор мааниге ээ болгон. 1924- жылы Кыргыз автономиялуу облусунун төрагасы Иманалы Айдарбеков 1925- жылдын 7-февралында мамлекеттик мекемелерде иш жүргүзүүнү кыргыз тилине которуу боюнча атайын комиссиянын төрагалыгына дайындалган. Азыркы күндөгү мамлекеттик тил боюнча комиссиянын мөлтүр булагы так ушул күндөн башталган.

-Маладец, сен 5 деген баага татыктуусуң! Марат Аманкулов сенин жообуң кандай?

-Давайте кыргыз тилин пака папкеге сала турабыз. Кыргыз, орус, немец, негр дебей биримдикти ойлоп биригели!

-Сага таасын суроо берип турам, тайсалдабай так жооп бер, мамлекеттик тил күнү качан кабыл алынган?

-Ну, например где-то сентября месяца, то-ли осенью 1996 году.

-Тумтак эле, нөл турбайсыңбы! Жок дегенде кыргызча жооп берип, кыргызча таза сүйлөгөндү үйрөнсөң боло, дагы бир партиянын ана башы имиш! Сен минус бир деген бааны алдың! Рыскелди Момбеков сен жооп берчи?

-Улуттук дөөлөттөрдүн туу чокусу болгон кыргыз тили – эне сүтү менен берилип, кыргызымдын алмустактан бери келаткан ой-мурастарын, акыл-насаатын, тарыхын, каада-салтын, нарк-насилин туу чокуга көтөрүп, улутумдун өзөгүн түзүүдө. «Дүйнөлүк шедевр» аталган «Манас» эпосун айттырган улуу тилдин, түрк тилдеринин башаты болгон кыргыз тилинин кудурет-күчүн, нарктуулугун баалап-барктап келебиз. 1989-жылдын 23 – сентябрында кабыл алынган мыйзамдын негизинде мамлекеттик тил күнүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп, эне тилибиздин улуулугун даңктайбыз да эртеси эле унутта калтырабыз. Жыл сайын мамлекеттин казынасынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн миллиондогон акча каражаты бөлүнүп, ал эне тилибиздин өнүгүшү үчүн эмес көбүнчөсүн тилге байланышкан оюн-зоокторго, концерттерге кетип туру.

-Баракелде, жакшы билет экенсиң, 5 деген бааны бакыйта койдум. Махабат Мавлянова, биздин баалуулуктарыбыздын эң негизгиси – эне тил. Бул боюнча оюңду ортого сал?

-Эне тилим энемдин эмчегинин сүтү менен келген. Атам экөө ка-ка-ка-калиция түзүп, мен жаралган экемин.

Какап-чакап какалабай түз сүйлөп жүр. Бизнестин битин сыкканды билесиңер да, кыргыз тилине келгенде тилиңерге тибиртке чыгып титиреңдеп каласыңар! Сага 2 деген бааны койдум. Эми макал-лакап жөнүндө кана ким жооп берет? Алтынбек Сулайманов сен айт?

-«Таздын чачы өлгөндө өсөт», «Жейин десем тишим какшайт, жебейин десем ичим какшайт», «Таз тараңгыча той таркайт», «Арак ичкен тойдо мас, акылы жок күндө мас», «Алкаштын атын алыстан ук, жаныңа келсе жүз грамм сурайт», « Адам аракты жутат, андан кийин арак адамды жутат», «Жакшы жашайм десең депутат бол».

– Мирлан Бакиров сен айтып көрчү?

– «Айылды аралык бузат, мекеним кыргызстанды каралык бузат», «Сокур атка-котур ат үйүр», «Жол айры болду, биздин башыбыз каңгы болду», «Күндө келген күл ууртайт, депутатка келген май ууртайт», «Жарыябыз таасирдүү болуп, базарыбыз өтүмдүү болду», «Лөлүдөн баатыр чыкса, өз мекенин кыя чабат», «Бир чымчым бактыбыз болгуча, алтындан тактыбыз болсун».

Алтынбек менен Мирлан 3 деген баа алышты. Эми математикага өтөбүз. Эң жөнөкөй суроо эки жерде эки канча болот?

-Агай алты болот! Биз Кубанычбек Жумалиев, Камчыбек Жолдошбаев, Иса Өмүркулов, Улан Примов, Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов жана башка көпөстөрүбүз экини алты эмес сегиз кылып байыганбыз, маңдай терди төкпөй, таманды жоорутпай элдин эсебинен, мамлекеттин казынасынан кашыктап эмес чөмүчтөп алганбыз, арам акчаларды адалдаганбыз приватизация убагында прихиватташтырганбыз, азыр да сегизди сексен сегиз кылалы деп университеттерди ачып, кабат-кабат үйлөрдү, сауна, ресторан,кафелерди салып миллиондогон «жашылбайларды» салыктан жашырып коюп жүрөбүз! Дагы сизге кандай жооп бериш керек!?

-Бали!.. Эми саясаттан суроо салып көрөйүнчү! Семичке чаккан биякта калсын. Баарыңар эл деп тилиңер сайрап, үйдө баатыр жоодо жок болуп жүрөсүңөр! Жаштар пандемиянын убагындагы миллиондогон акчалар кайда кетти, партиялык тизме менен болгон шайлоо жалаң акчанын күчү менен өттү деп жогорку бийликтерге силерге адилетсиздигиңерге каршы чыгып аянтка чыкты эле буга кандай жооп табасыңар? Чуулдабай бирден жооп бергиле!

– Туура агай. Биримдик, Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан партияларынын тыйындары көп экен. Карапайым калкка кайрымдуулук кылып чачты. Алар «честный» эл экен миң-эки минден алып өз милдеттерин так аткарып беришти. Жаштар чоң атабыз Турдакун Усубалиев салып берген Ак үйдү өрттөп жиберишти ал имаратта эмне күнөө дейбиз да. Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бергиле дешти эле. Кворум жок болсо да айткандарын аткардык. Бирок Президент «Депутаттар баарыңар чогулгула кворум болсун! Кайра шайлагыла!» деген таризде ал токтомду бизге кайра тоголотуп жиберип, биз кайрадан ары-бери талашып премьмер министрлике макул болдук. Азыр эки чылбыр бир тизгин колунда болуп Президенттин тактысына отурду. Эми парламентке ар бир райондон бир мандаттуу шайлоо өткөрүп, акысыз иштеген Элдик курултай палатасын киргизсе, каржы жагы үнөмдөлүп, социалдык-экономика жагы өнүгүү жолуна түшөт эле.

-Болуптур, саясатка келгенде булбулдай сайрап каласыңар! Кана Мыктыбек Юсупович, өзүң түз жүргөн мырза элең бүгүнкү онлайн сабагынын жыйынтыгында эмне деп айтаар элең?

– Элибизде «Көрөгөч болсо башчысы-көпчүлүктүн бактысы» деген жакшы сөзүн эске алып, жан дүйнөсүндө көрөгөчтүк, кыраакылык, айкөлдүк деги эле идеалдуу инсанга мүнөздүу мыкты сапаттардын бардыгы бар Садыр Жапаровго ийгилик каалайлы! Өз көмөчүнө күл тартпаган кара кылды как жарган калыс, убадасын унутпаган, айтканын аткарган, адилетүүлүктү, акыйкатты туу туткан Падыша болсун! Бата берип коёлу! Оомиийин!

Асан Акматов

Булак: “Факты.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: