Акыркы учурларда борбордун көчөлөрүн араласаң бири-бирине кызыраңдаган, бирине-бири ишенбеген эл. Тукулжураган экономика. Бир «кадр» экинчи «кадр» менен алмашып. Баарынан да кызыгы, жаңыларыбыздын айткандарына кулак төшөсөң негедир куру убадалардын гана кайрыктары созулуп жаткандай. Ак үйдө болсо кыйратабыз, коррупцияны жоебуз, обу жоктордун оозун Ошту каратабыз дегендер. Кудум кургак казан катуу калдырайт болуп. Кыскасы түшүнүп болбойт же бул аракеттер кандай болсо да бийлик үчүн жанталашуубу?. . Мындан бир жыл мурун эле ошолорубуз жыргализимдин орношун убада кылышпады беле? Же чын эле ошондо «жыргатабыз» дегендерибиздин ал айткандары эптеп эле кыядан ашып өтүп алуу амалы беле? Аттиңдики, «Тени исчезают в пол день» деген мираж ушул белем?
Анан да быйыл «Элетти өнүктүрүү жылы» дедик. Тескерисинче азыр элет «өнүгүп өсмөк» турсун дыйкандар жазды жайлай маңдай тери менен төккөн ак эмгекетеринин убайын көрө алышпай шаабайлары болушунча түшүп турат. Алардын айдап-сепкен түшүмдөрү текейге бааланууда. Дал ошол элет саясатын колдойт дегендерден негедир дайын жок. Элет демекчи, Кыргызстанда жалпы тургундардын 60 пайызын айыл эли түзөт. Мындайда айыл-чарба маселеси эң алдыңкы маселелердин бирден-бири болуп туруш керек эле го? Ал эми ошол айыл-чарба тармагын тейлеп жаткандардын дараметтерин, ишке болгон жөндөмдөрүн баарыбыз көрүп жатабыз…
Илгери «Чалкан» деген журналда карикатуралардын алдында жазылган «Сөзсүз сүрөт» деген болоор эле. Азыркылардын тили менен айтканда No comment. Себеби, андагы сүрөттү же карикатураны көргөн соң эч кандай комментарий берүүнүн кажети жок болчу. Баары алаканга салгандай түшүнүктүү болуп турса, несин айтып божурайсың. Тек ууртуңдан жылмайып тим болчусуң. Анын сыңарындай, айыл-чарбасы дейбизби же «Элетти өнүктүрүү жылы» дейбизби, бийликтин мындай кашаң аракеттерин көрүп аргасыздан терең үшкүрүнүп, башты гана чайкайсың, жада калса азыр кеп кылган «Чалкан» журналындагыдай көпчүлүктүн ууртунан жылмаюу да көрүнбөйт. Эл ишенип шайлаган эл өкүлдөрүнүн кейпи болсо тиги. Ал эми «120ларга» просто сөз жок. Өкмөттөгү башкаруучу кадрларыбыздын кейпи андан беш бетер. . А мындайда жыйынтык кандай болмок эле, нааразылык эмитен көп. Стресстер, кыйраган нервдер, беймаза болгон эл. Айла жок ойлоносуң: азыр эмне болуп жатат бүгүн Кыргызстанда? Байлык десе баарын унутуп, бийлик десе бирин-бири жеп, бири-бирин саткан жолдон чыгабызбы деги?
Дей бергенибиз менен өлкөдө азыр бир чындык баарына, убакыт улам алга жылган сайын ачыкталып көрүнүп баратат. Ал, ээ-эң өйдө жактагылардын бардык бийликти өзүнө гана каратып алуунун тамыры күн сайын тереңдеп баратканы. Ошол эле учурда андан дагы, (албетте алар уккусу келбеген) дагы бир чындык – эмитен эле элдин бир тобунун азыркы бийликке болгон нааразылыгынын тамыры найзадай учталып, убакыт утурлаган сайын тереңдеп бараткандай? Мындай көрүнүш бийликтегилер үчүн эч качан ийгилик алып келген эмес, убактылуу утуш болгон чыгаар. Бирок аягы… аягы өтө кейиштүү бүткөн…
Деги кайда баратасың, Кыргызстан?! Бийлик башындагылардын көздөгөнү эмне? Ишенгени ким? Эмнеси болсо да Кудай колдосун Кыргызстанды, түптүү кыргыз элин…
А, Ак үй болсо муздак, «күмбөзгө» окшоп турат…
Кенжебек Арыкбаев
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ