Бүгүн, 2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
БШКнын бүгүнкү жыйында анын мандаты “Бир Бол” саясий партиясынан кийинки тизмедеги талапкер Эрмамат Тагаевге берилди.
Эскерте кетсек, депутат Аскарбек Шадиевге кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жана мыйзамсыз акча каражаттарын менчиктештирген, тактап айтканда 2017-жылы жай айларында Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң (АКШ) доллар өлчөмүндөгү сыйлык акыны менчиктештирген деп айып тагылган.
Белгилүү болгондой Шадиев ага кылмыш иши козголгон күнү, тагыраагы 28-апрелде Тажикстан аркылуу өлкөдөн чыгып кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ