Бүгүн, 2-ноябрда өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы балдар чыгармачылык борборунда жогорку класстын окуучулары жана мугалимдери үчүн ойлоп табуучулук-компьютердик экспресс-мектебинин ачылышын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат катчысы Гүлбара Кудайбердиева билдирди.
Анын айтымында иш-чара “Алтын түйүн” балдар академиясы менен биргеликте уюштурулган.
⠀
Максаты – мектеп окуучуларынын билимин жана жөндөм-шыктарын ар тараптуу калыптандыруу, техникалык-чыгармачылык аркылуу ой жүгүртүүлөрүн өстүрүү, кыял-элестөөлөрүн өнүктүрүү, жаңы идеяларды компьютердин жардамы менен ишке ашыруу, келечектеги мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо болуп саналат.
⠀
Иш-чарага Кадамжай шаарынан 30 окуучу, балдар чыгармачылык борборлору, мектеп жана ийрим жетекчилери, ошондой эле Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ