Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу автотранспорттук ишканасынын директору Бакыт Темикеев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин жаңы жетекчиси болуп Нурлан Койчубаков дайындалды.
Тийиштүү буйрукка шаар башчысы Азиз Суракматов кол койду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ