Menu

Бишкекте ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны өтүп жатат жана  Индия Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визити болот

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-июнда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамдарда өтөт, жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Ошондой эле бүгүн, 14-июнда күндүн экинчи жарымында  Индия Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына расмий визити болот.  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуулар тар жана кеңири курамдарда өтөт.

Мындан тышкары, Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына расмий визитинин алкагында кыргыз-индия бизнес-форуму болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: