Бүгүн түндө белгилүү өлчөмдө суук болору айтылууда. Эртең 4-ноябрь тоолуу райондордо кар жаайт. Түздүү өрөөндөрдө жамгыр жаашы күтүлбөйт.Республиканын түндүк облустарында күндүз 6 градуска чейин жылыйт. Түндө минус сегиз градуска чейин суук болот. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” билдирди.
Республиканын түштүк облустарында күндүз 8 градуска чейин ысыйт, түндө минус 7 градус суук болот.
Ал эми Бишкек шаарында күндүз жамгырдын жаашы күтүлбөйт. Эрте менен кечинде туман түшүшү мүмкүн. Күндүз 3 градуска чейин жылыйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ