Menu

Өзбекстанда аялдарды чечиндирип, “кордоого” айыпталган милиция кызматкеринин соту башталды

Бөлүшүү:

Самаркандда аялдарды “кордоого” айыпталган мурдагы милиция кызматкери Санат Умуровдун соту башталды.

4-июлда эки аялды эки милиция кызматкери кармап алып, келекелеген видео Интернетке тарап, коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Маалыматтарга караганда, 3-июнда Санат Умаров баштаган милиция кызматкерлери Каттакурган шаардык милиция бөлүмүнө базарда акча уурдоого шектүү эки аялды алып келишкен. Аларды жылаңачтап чечиндирип, уурдалган акчаны издеп, кол көтөрүп, кемсинтишкен. Эч нерсе табылбагандан кийин, алардын кармалганы тууралуу тиешелүү документ толтурбай эле коё беришкен.

Көп өтпөй Өзбекстандын Жогорку соту Каттакурган шаардык милициянын тергөөчүсү Санат Умаровду камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Андан мурдараак ал кызматынан айдалган. Кийинчерээк аялдарга чечинүү буйругун берген 30 жаштагы Санат Умаровго “өз бийлигинен аша чапкан, кыйноо көрсөткөн” деген кине коюлуп, камакка алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: