Menu

Алтынбек Сулайманов, “Бир Бол” фракциясынын лидери: “Аскарбек Шадиев баарын алдап, адаштырып жатат”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясы экс-депутат Аскарбек Шадиевдин бүгүнкү айыптоолорун түшүнбөгөнүн билдирди.

Фракциянын лидери Алтынбек Сулаймановдун айтымында, Аскарбек Шадиев фракциядан чыгуу тууралуу арыз жазбаганын айтып, Жогорку Кеңешти дагы,  БШКны дагы айтоор бардыгын адаштырып жатат.

“Бул калп. Ал бизге арызды жөнөткөн, а эмнеге азыр кайра сөздөрүнөн баш тартып жатат түшүнбөйм. Арыздын көчүрмөсүн биз БШКга бергенбиз, анын негизинде ал мандаттан ажыратылган. Кандайча жасалма арыз? Жалган кагаздарды жасоо депутаттардын же катчылыктын кызматкерлеринин оюна дагы келбейт. Бул эмне деген жалганчылык?”- деп нааразычылыгын билдирген журналисттерге Алтынбек Сулайманов.

Эске салсак, Аскарбек Шадиев “Бир Бол” фракциясынын курамынан чыгуу тууралуу арыз жазбаганын, жана БШК аны мандатынан мыйзамсыз ажыратканын билдирген. Мурунку эл өкүлү Кыргызстанга өзүнүн жана үй бүлөсүнүн өмүрү үчүн корккондуктан кайрылып келбестигин, жана адилеттик орной турганына ишенбестигин айткан.

Аскарбек Шадиевге карата  кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана арам каражаттарды адалдаштыруу беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Ал өлкөдөн качып кетип, азыр эл аралык издөөдө.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: