Menu

Жубайлар жуп болсо

Бөлүшүү:

Ата-бабаларыбыз Ала-Тоону мекендеп, Ата Журтун аздектей байырлап, конушун таза күтүшүп, урпактарынан урпактарына кылымдардан кылымдарга чыйыр жолдорун калтырышып, не бир сонун кереметтерин, касиет сырларын карманышып, келечек муундарына таберик катары нарк-нускаларын, үрп-адаттарын, салттарын, нарктуулуктарын өтө бийик баалашып, бул бар жашоодогу эчен түркүн табият жаратылыш кубулуш сырларына баа беришип, кылдаттык менен мамиле жасашып жашоо өтөп, алдыда болчу табият кубулуштарын алдын ала эле сезишип, туюмдарын урпактарына туюндура айтышып, билдиришип келишкен. Мурунку-кийинкисине эскерише эчендерди эстерине салышып, баян этишип, аян берилген аяндарын айтышып Ата Журтуна аяр мамиле жасоо менен сый көрсөтүшүп, сырдуу сакташып муундарына өткөрүшүп беришкен ата-бабаларыбыздан келе жаткан салттуу нускалар бар.

Мындай табияттан берилген, Жараткандан жаралган керемет касиеттерди муундарга айтуу, билдирүү, туюндуруу, сездирүү да керектиги жашоо талаптарына ылайыктуулугуучурларга зарылдыгы бардай. Жандуу жашоолорго сезим-туюм аба менен суудай, жер алкагындагы жарыктык талабындай жашоо талабы. Асман тиреген Ала-Тоо чокуларынын көк тиреген көккө сиңген көрүнүшү не бир көрүнүш. Адамзатынын табияттагы жашоо улаган жандуу заттары жаратылыш менен болгон мамилелери эчендеген баяндардан кабар берет. Ала-Тоо андагы эчен түрдүү өскөн бак дарактары табиятты көрккө бөлөгөн жашыл төрлөрү, аба аңкыган атыр жыттуу ар түркүн гүлдөрү айрыкча айырмалаган жаз, жай, күз мезгилдериндеги табияттын таасирдүү кооздуктары не бир сүйкүмдүү касиеттери менен адамзатына жагымдуулугу адамзатынын сезимдерин ансайын көкөлөтүп, аба аңкыган жыттары абаны ого бетер аңкытып атыр жыттантып Ала-Тоонун баалуулугун байыткандай байым салгандарга байырлай не бир касиеттер байырлап кылымдардан бери келе жаткандай.

Ала-Тоодон аңкыган атыр жыттуу жел ааламды каптай адамзатынын сезим-туюмдарына, жандуу дүйнөгө касиет сыйкыр сырын сиңиргендей. Ала-Тоодон чыккан мөлтүр мөл булактары мүрөк суулары, мөңгүлөрү ээрип, таштан- ташка урунуп, бийиктиктен түшкөн шаркыратмаларды курашып, бышкан сууларынын касиеттери өзүнчө не бир касиет да керемет. Таңдай кургап турганда тамчы суунун касиети кандай укмуш, тамшандырып сонун таасир берил, денени жандандырып сезимдерди эргитет. Эргүү берген суу. Суунун аккандагы сырдуу шыңгыр үндөрү, анын акканы, шашканы, жай мелтиреген тунуктугу не бир сыйкыр касиеттерди камтый жүргөндүгү эле жаратылыштын керемети эмей эмине? Коңур үнү коштогон коңгуроо сыяктанган үндөр күүгө айлангандай өзгөчө көрүнгөнү, угулганы менен айырмаланып, сезимдерди козгой сезип жараткандыгы, сеңселе өсүп турган эчендеген дарактарды сай жээгиндеги салкын желге ыргала ырахаттана ыр ыргактарына арбала аалам туюмдарын сезе ырахаттуу жашоо улаган табияттын таасирлеринен сезим ыргактары козголуп ырларды, күүлөрдү обондорго сала үндөрүн музыкага салышкан жандуу сезим жашоолору. Суунун касиети, суунун керемети, суунун табияты, суунун музыкасы суу менен жаратылыш биримдиги, суунун үнү, суунун күчү. Ала-Тоодон Бозбу тоосунун Ак-Чоңколунан Шилби чыккан аккан суу Аксы аймагынын айлана-чөйрөсүнүн жашыл жашоо түстөрүн жараткандай, жандандыргандай, жашоо бергендей. Ортодон орун алган кыргыз элибиздин кылымдардан келаткан боз үйүндөй болгон Бозбу тоосу. Бозбу-Ата тоосун айлана айыл болуп отурукташкан Аксы районун түзгөн элдер.

Бозбудагы өскөн өсүмдүктөрү, бак-дарактары, гүлдөрү, сайраган түркүн куштардын үндөрү, атыр жыттуу таза абасы жан дүйнөнү тазартып, жашоого жаңы кубат бергендей сезилет. Ала-Тообуз кыргыз элибизге касиет берип, сыр сактап жүргөндөй. Боз үйдөй болгон Бозбу-Атанын да Аксы районунун ортосунда орун алышы да табияттын касиеттүү сырындай. Бозбу тоосунун таза абасынан дем алып, шылдыр шыңгыр суусунан ичип, анын коңгуроодой угулган касиеттеринен таасирленген эчендеген эрендер чыккан. Элибизге белгилүү болгон Сатылганов Токтогул менен замандаш болушкан Көкө уулу Өтө (Жеңи-жок), Борош уулу НыязалыДоктогул сүйгөн Алымкан, Машалар эчендеген комуз күүлөрун чертишип, обон салышкандыгына тарых, убакыт, эл күбө. Ата-Бабаларыбыздын тарых жашоолорун камтыгач Бозбу-Ата тоосу көп окуялардын күбөсү. Аксыда Сыны деген айыл бар. Бул айыл билим очогудеп убагында айтылчу. Сыныдай элдин сынына толгон илимдүү, билимдүү жаштар ушул айылдан таалим алып чыгышкан.

Биринчи интернат уюштурулуп Качыкеев Тойчубек агайлар жүздөгөн мыктыларды тарбиялашып өстүрүшкөн. Мамлекеттик кызматкер болушкан Шабданов Рахим, Сыдыков Матен да ошол Сыныдан билим алышкан. Машанын уулу Бөдөш да элге таанылган комуз күүлөрүн чебер ойногон адам болгон заманынса Урпактардан урпактарга берилип келаткан өнөр Бөдөшов Атайбекте да уланып келатат. Жашынан эле комуз кармап музыка аспаптарын ойной билип, билимин жогорку окуу жайда андан да бийик өстүрүп, өнөрдү аздектеп улантып келүүдө. Алгач ошол кездеги Жаңы – Жол (Аксы району ошентип аталчу) районунун борбору болгон Караванда (азыркы Кербен шаары) маданият үйүндө маданият кызматкери катары эмгек баштаса, ушул күндөргө чейин кыргыз маданиятына кызматын өтөөдө. Элдин жүрөгүнөн орун алган бир топ обондорду жаратты. Ата жолун жолдоп уккан кишини кайдыгер калтырбаган эчен күүлөрдүн жаратуучусу. Атайбектин обондуу ырлары эле не деген керемет. Маселен: “Туулган жерди сагындырып” сөзү Молдобаев Тургуналыныкы, сөзү Исаков Исабеккетаандык болгон өткөн кылымдын 60-70-жылдары Гимнден кийин эле ырдалчу жубайы Каныкей Эралиева аткарган Жайдасыңар карлыгачтар” деген ыр, “Кыргыз Тоосу” сөзү Токтосун Тыныбековдуку. Атайбектин ушул обондору өз учурунда адамдар күтүп укканын эч ким тана албайт. “Эңсөө” сөзү Аскар Исаевдики, “Арча Бешик” сөзү Барктабас Абакировдуку,“Кызгалдак“ сөзү Гүлсара Момунованыкы, “Айыл кечи”, сөзү Атайбек Бөдөшовдуку, “Кыргызстаным” сөзү Карачал Курманбаевдики, ‘Кудай берсе” сөзү Надырбек Алымбековдуку,  “Жаз” сөзү Надырбек Алымбековдуку, “Кыргыз-казак” сөзү Анатай Өмүркановдуку, “Сеч менин түшүмсүңбү?” сөзү Өмүрбек Дөөлөевдики сыяктуу жана башка ушундай обондуу ырлары Каныкей Эралиеванын коңур үнү менен аткарылып, Атайбектин музыкалары менен коштолуп, музыка сүйүүчүлөргө ырахат тартуулап келет. Атайбектин обондуу ырларынан сырткары кылым карытар күүлөрү да бар. “Мезгил закымдары”,“Бекназар Баатырдын арманы”, “Коңур кербез” сыяктуу ондон ашык күүлөрүн сөз кылса болот. Азыркы күндө Атайбек жараткан обондордон Надырбек Алымбековдун сөзүнө жазылган ЗОдай обон, Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган ЗОдай обон, Бактыгүл Чотурованын сөзүнө жазылган ЗОдай обон, жалпысынан ЗООдөй обондон тандалып, 250дөй обондуу китеби басмадан чыгууга даярдалып турат. Балдар үчүн жазылган ЗОдан ашык ырлары да өзүнчө кеп козгоону талап кылат. “Күн балдары”, “Бүлдүркөн”, “Санаркаба апаке”, “Мөлтүр булак” деген жаш балдарга арналган ырлары азыр деле жаш жеткинчектер тарабынан аткарылып жатат. 24 ыр обондору менен Каныкей Эралиева экөөсүнүн басмадан чыгарууга жаңы чыгармалары даярдалып жатат. Ала-Тоонун айыл-кыштактарын, райондорун, шаарларын эчен ирет кыдырып, ондогон жылдар бою музыкаларын элге жеткирип, кыйын кезде сынып калбай, эрктерин бек карманып элге кызмат кылышкан жубайларды кадырлай, сыйлай да билишибиз керек. Кош жылдыз өңдөнгөн жубайлардын эл аралаган издери эл үчүн кылган эмгек кызматы. Эл калыс баа берип, мамлекетибиздин башкаруу кызматындагылар көңүл буруп, эки жубай элдик эл артисти наамына ээ болуп, жубайлар жуп болсо жарашмак деген элдин сөзү айтылууда. Калк айтса калп айтпайт эмеспи. Жубайлар жуп болуп, эл артисти деген наам алышса баарыбыз эле кубанмакпыз. Элге ак кызмат өтөгөн музыка дүйнөсүндө 50 жылдан ашык эмгеги сиңген Атайбек Бөдөшов “Эл артисти” наамына татыктуу. Бир обону жок,эмгек эмне экенин билбеген жаш балдарга наам берилип, Атайбекке окшогон музыка менен жашаган адамды унутта калтыруу уят иш.

Кеңешбек Шадыбеков

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: