Menu

Чүй облусундагы Шопоков шаарында Калкты тейлөөчү жаңы борбор ачылды

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Калкты тейлөөчү жаңы борбордун ачылышы болуп өттү. Салтанаттуу иш чарага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

“Заманбап маалыматтык технологиялардын пайдаланылышы мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнү жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди, калкты тейлөө мөөнөтү кыскартылып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар камсыздалып, жарандардын чиновниктер менен түз байланышы кандайдыр бир деңгээлде жоюлду, натыйжада, бул коррупциянын деңгээлин реалдуу түрдө кыскартууга алып келди”,- деди Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдары Өкмөт иштеп жаткан Калкты тейлөө борборлорун жаңы форматка өткөрүүгө жетишти.

“Бүгүнкү күнү Калкты тейлөө борборлорунда бардык шарттар түзүлгөн, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, ошондой эле документтештирүү үчүн бардык зарыл кызматтар жайгаштырылган. Арыз ээлери талап кылынган документтерди имараттан тышкары чыкпастан топтоп жана мамлекеттик кызматтарды пайдалануу үчүн арыз калтыра алышат”,- деп белгиледи вице премьер министр.

Аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатын, анын ичинде өлкөнүн аймактарында жогорулатуу милдеттери коюлган, буга байланыштуу үстүбүздөгү жылы жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында ачылган жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ачылышы пландалууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: