«Дордой» футбол клубу Кыргызстандын 10 жолку чемпиону болду. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти. Акыркы беттеште «Дордой» командасы Оштун «Алай» командасын 3:1 эсебинде жеңип алды. Жалпы жыйынтык боюнча «Дордой» 65 упай, ал эми «Алай» болсо 57 упай топтогон.
Белгилей кетсек, 5-6-ноябрь күндөрү республикалык чемпиондуктун жыйынтыктоочу туру болот.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ