Menu

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго кабыргадан коюлган суроолор….

Бөлүшүү:

Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык орто окуу жайга ырчы Самара Каримова директор болуп дайындалып, окуу жайдын жамаатына 30-октябрда тааныштырылып, ишин баштаган. Эки күндөн кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жаңы келген Азамат Жаманкулов мыйзамда катачылык кеткенин жүйө кылып кызматынан кетирди. Биринчиден, Министрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Секимов өтө тажрыйбалуу кадр, андай алешемдикке жол бербейт. Бул жөн гана шылтоо. Кичине чекилик кеткен күндө дагы жаш кадр катары Каримовага мүмкүнчүлүк берип, иштетиш керек эле. Андагы таш көчүк болгон жетекчилердин бири да кыш кынаган жок. Башкасы деле жыргатарына ишеним жок. Ал эми Самара кадырына салып болсо да өз аброю үчүн маңдай терин төкмөк. Өзү да: «Зээриккенден же кыларга ишим жоктон барган жокмун, тобокелге салып, меценат тартып, проект жазып, 2 жылда гүлдөтүп коймокмун» деди. Азамат Жаманкулов тажрыйбасы аз, ичи тар, көрөңгөсү тайыз экенин тастыктады десек жаңылышпайбыз.

—Азамат Капарович, статс-катчынын чечимин жокко чыгарып, дайындалган жетекчини 2 күндөн кийин иштен алган кадамыңыз сиздин тажырыйбасыз экендигиңизди айгинелебейби? Кемчилик кетсе оңдоп-түзөп, аны мыйзамга тууралап койсо болбойт беле? Же Каримовадан алчуңузду ала албай калып ич күйдүлүк кылдыңызбы? Директорлукка кесипкөй адамдар барышы керектигин кыйыттыңыз, Каримова өз кесибинин устасы эмес экендигин кантип далилдеп бере аласыз?

Зулпукар Сапанов

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: