Бүгүн, 6-ноябрда өткөн өкмөттүн жыйынында КР Экономика министри Олег Панкратов Кыргызстан электрэнергиясына болгон бааны көтөрүүсү керектигин билдирди.
“Электр жарыгына акыны көтөрүү керек. Учурда энергетиктер мүмкүнчүлүгүнүн болушунча иш алып барууда, көмөк чордондогу басымдан улам жаңы ишканаларды электр түйүнүнө кошуу мүмкүн эмес”, – деди Панкратов.
Ал эми биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейин берген маалыматтарында электр жарыгына жана жылуулукка болгон баа быйыл өзгөрбөстүгүн айткан.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ