Хорогдогу ок атууну мекеме аралык комиссия иликтейт. Бул тууралуу Тоолуу Бадахшан облусунун администрация башчысы Ёдгор Файзов митингге чыккандар менен жолугуу учурунда билдирди.
5-ноябрдын түнүндө милиция кызматкери травматикалык тапанчадан ок атканда жергиликтүү үч тургун жеңил жараат алган. Облус жетекчиси Ёдгор Файзов аймакта мыйзам үстөмдүгү камсыздалмайын, милиция посттору алынбай турганын айтты.
6-ноябрь күнү эртең менен жүздөн ашык киши Хорог шаарынын администрациясынын алдына чогулуп, түндө элге ок аткан милиция кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан.
Нааразылыкка чыккандар Хорог шаарындагы бардык текшерүү бекеттерин да алып таштоону талап кылышкан.
Тажик бийлиги бир нече киши жаракат алган Хорогдогу окуяга жергиликтүү жаштардын бейрасмий лидери Хурсанд Мазоровду айыптаган. “5-ноябрь кечинде Хунсанд Мазоров жетектеген беш кишиден турган топ МАИ постунун жетекчисинин кызматтык унаасына кол салышкан. Бул аракети менен алар тартип сакчыларынын ишине тоскоолдук кылып, Хорогдогу абалды курчутууну каалашкан. Милициянын офицери травматикалык тапанчадан ок чыгарууга аргасыз болгон”, — деп жазылган штабдын расмий билдирүүсүндө.
Тажикстан акыркы кезде Тоолуу Бадахшан автоном облусунда коопсуздук чараларын күчөткөн. Бийлик муну аткезчилер аймакка Ооганстандан баңгизат жана курал-жарак алып кирүүгө аракеттенип жатканы менен түшүндүрүп келет.
Ушундан кийин Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы элдик лидерлер менен бийлик тирешкен учурлар болгон.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ