Бишкектин Биринчи май райондук соту Сатарова жактоочулардын өтүнүчү менен күбө Азат Бектемировдун көрсөтмөсүн укту. Ал 2010-жылы 13-майда Чотонов менен Ошко вертолет менен учуп барганын айтып берди.
“Бишкекке өз иштерим менен келгем. 13-майда Ошко учайын деп аэропортко келсем, бардык рейстерди токтотуп коюптур. ИИМдин орун басары Бактыбек Алымбековго чалсам, вертолет менен учуп кеткенге мүмкүнчүлүк бар экенин айтып калды. Ошентип “Фрунзе-1” аэдромуна барып калдым. Ал жерде Исмаил Исаков, Дүйшөнкул Чотонов, Бактыбек Алымбеков, бир нече офицерлер бар экен. Ошентип чогуу учуп, Оштон аскер бөлүгүнүн аянтына конгонбуз. Бизди Курсан Асанов менен Сүйүн Өмүрзаков тосуп алды”, – деди пенсиядагы полковник.
Айып койгондордун башкы күбөлөрү Л.Маевский менен А.Модин 13-майда Чотонов, Текебаев менен “Супара” комплексинде жолукканын айтышкан.
Андан соң мурдагы депутат Болот Шер (Шерниязов) көрсөтмө берди. Ал өкмөт үйүндөгү кабинеттердин жайгашканын, аларда кимдер олтурганын схемада көрсөтүп, №306 бөлмөдө Атамбаев олтурганын көрсөттү.
Ал эми иште күбө А.Модин ал кабинетте Текебаев олтурганын көрсөтүп, Өмүрбек Чиркешович менен дал ошол кабинетте сүйлөшкөндөрүн айткан.
Кыскасы, мурдагы бийликтин күбөлөрү айткан көрсөтмөлөр четинен жалганга чыга баштады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ