Menu

Хеллоуин майрамы менен оорушкан кыргыз маңкурттарын ким дарылайт?…

Бөлүшүү:

Кээ бир кездерде алды-артыбызды карабай туруп: “Кыргыз улуу элбиз, укмушпуз, баатырбыз, улуу салттарыбыз бар, бизге дүйнө суктанып келет”-деп мактансак жаныбызга киши чыдап тура албай кетет. Ошол эле учурда кыргыз оомо, ээрчиме, башкага бат “сиңип” кетме эл экенибизди эч эле айткыбыз келбейт. Улуттун трагедиясы мына ушул тескери сапатта камтылып жатпайбы.

Кечээ дүйнө мамлекеттеринин төрттөн бир бөлүгү хеллоуин майрамын майрамдашты. “Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт” болуп, бул майрамды акыркы жылдары кыргыз жаштарынын бир тобу да майрамдап башташты. Ары жок, ини-карындаштарым! Бул майрам силерге чоң атаңардан калган майрам беле? Же кыргыздын салтында сары майдай сакталып, эл жапырт май-рамдап келди беле? Этегиңерди жаап, эсиңерге келбейсиңерби?

Бул майрам алгач Түндүк Англияда, Ирландияда 19-20-кылымда майрамдала баштаган. Анан акырындык менен АКШга, Европа Мамлекеттерине жана Азиянын айрым өлкөлөрүнө “вирустай” тараган. Бул майрамдын азабынан ошол эле Европада, АКШда миңдеген адамдар жашоо менен кош айтышкан. Себеби, жакшылыктын жышаанын жандырбаган, шайтандын ишине азгырган майрам! Ошентсе да, Европанын, АКШнын маданиятынан терең орун да алып калды. Биздин обун таппаган, көкүрөктө көрөңгөсү көңдөй жаштарыбыздын бир тобу бул майрамды Европанын мада-ниятынан, айрыкча кинолорунан көрүп алып, өпкөлөрү көөп, ошолорду туурап, жинди болуп башташты. Бул майрамдын өзөгү Жараткан берген жакшынакай кебетесин бузуп, орусча айтканда “ужас”, кыргызча айтканда, же Айтматовдун көз карашы менен айтканда маңкурт болушу керек! Маңкурт болуп эле тим болуп калбай, ар кандай акылга сыйбас иштерди аткаруу эрежеси да бар. Ушул нерсе кимге керек! Анча -мынча акылды жыйнап, арыбызга жараша иш кылбайлыбы! Батыштын мындай ыплас майрамына эмне мынча кызыктыңар? Акыл-эсиңер ордундабы? Кыргыз качан ушинтип майрамдады эле? Атаңар, апаңар ушинтип келесоо болду беле? Нарк-насилди, намысты сактап, кыргыз эле бойдон калбайсыңарбы?! Көпкөндүктүн да чеги бар эмеспи…

Негизи ар бир адам сулуу, келбеттүү болгусу келет. Ал үчүн көптөгөн аракеттерди жасап да келишет. Ошол адамдыктын белгисин берип турган жүзүңөрдү бузуп, көрүнгөн мокочо маскаларды кийип, ай жүзүңөрдү кордоп, шайтан-шабырлардын сүрөтүн тартып алып, кутурганыңар кайсы акылга сыят? Андан эмне табасыңар? Жараткан силерди шайтандын ишин кылып жаткан үчүн ошол хеллоиун жүзүңөр менен өмүр бою калтырып, жазалап койсочу! Анда кантип жашайсыңар? Исламда мындай көрүнүш — айбандан да төмөндүккө түшүү, бузукулуктун жеткен чеги деп каралып, мындай жосунсуз жоруктардын болушуна эч качан жол бербейт. Андыктан бул майрам ислам дининдеги өлкөлөр үчүн өтө жат көрүнүш. Учурда мындай көрүнүш бизге коңшу казак элинин жаштарынын арасында да мода болуп жатат. Бирок модасы момуран калсын. Аз күн мурун казактын атактуу каскадер, Голливуд фильмдеринде ойногон казак актёру Касым Жумакожо дал ушул батыштын маскоропоз оюнунан улам 34 жашында дүйнөдөн кайтты.

Казакстанда 2-ноябрдан 3-ноябрга караган түнү эс алуучу жайларды биринде Хеллоуин майрамы белгиленип жаткан. Элди коркуутуу үчүн бийиктикке мумия катары үч кишини асып коюшкан. Алардын бири актёр Касым болгон. Ал бул каскадёрлук трюкту аткарып жатканда жашоо менен кош айтышкан. Бирок, экспертизадан ал инфаркт оорусунан улам жан бергенин билдирди. Кандай болгондо да ушул оюндун учурунда жан берип жатканы -факты. Бул майрамды даңазалап, ого бетер жайылтып жаткан жаштарды маңкурт дебегенде ким дейбиз? Маңкуртчулуктун бир түрү ушул эмеспи. Андыктан акылыңарга келгиле, айланайын келечек ээлери. Бул майрам биз үчүн, биздин эл үчүн эмес. Баса, бийлик бул маскарапоз майрамдан (вирустан) жаштарыбызды сактап кала алабызбы? Кепилдик жок. Мамлекеттик идеологиябыз жок болсо, сырттан келген ушундай ыплас иштерге кайдан туруштук бере алмак элек? Кеч болуп кала электе ойлонолу, көздү ачып ойгонолу замандаштар!

Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: