АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 2019-жылдын башында жоолугаарын кечээ, 7-ноябрда берген маалымат жыйынында билдирген. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги маалымдады.
Бирок Трамп Америка Түндүк Кореяга карата киргизген санкциялары күчүндө калаарын белгилеген.
Эске салсак, буга чейин эки өлкөнүн лидерлеринин алгачкы жоолугушуусу үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда Сингапурда өткөн. Анда сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Америка Түндүк Кореянын коопсуздугун камсыздоо, ал эми Түндүк Корея өз кезегинде өзөктүк куралдарды өндүрүүнү токтоотуу милдетин алган келишимге кол коюшкан.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ