Иликтөөчү журналист, маркум Уланбек Эгизбаев дүйнөлүк атактуу журналисттерге берилчү “David Burke” атындагы сыйлыкка татыктуу деп табылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун Прагадагы продюсери Венера Жуматаева өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Эгизбаевди “David Burke” сыйлыгына “Азаттыктын” жамааты көрсөткөн. Сыйлыкты тапшыруу аземи декабрда Вашингтондо өтөт.
Сыйлык АКШнын Радиоберүү боюнча башкаруучулар кеңешинин мурдагы төрагасы Дэвид Буркенин (David Burke) атын алып жүрөт. Акчалай сыйлык оор жана кооптуу шартта иштеген журналисттерге “Эркин Европа Азаттык” радиосу тарабынан эрдиги үчүн берилет. Журналист Уланбек Эгизбаев жемкорлукту ашкерелеген бир катар иликтөөлөрдү жүргүзгөн. Анын даярдаган ар бир курч көрсөтүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, резонанс жараткан.
Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө сууга чөгүп каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ