Menu

Кубанычбек Кулматовдун уулу Каныбек: «Менин атам саткын эмес!»

Бөлүшүү:

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун уулу Каныбек Кулматов атасы менен аны УКМКнын тергөө абагына камаар алдында эмне тууралуу сүйлөшкөндөрүн айтып берди.

«Атамды УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу бөгөт чарасы көрүлгөндүгүнө беш ай болду. Ушул беш ай ичинде атамды бир да тергешкен жок, бир да иликтөө иш чараларын өткөрүшкөн жок (жөн гана тер­гөө абагында жашап жатат)»- дейт, Каныбек Кулматов.

Мен сиздер менен жарандар­дын укугунун бузулгандыгы же кызмат абалынан ашыра пай­далануу тууралуу ой бөлүшкүм келет. КР укук коргоо органда­рынын кызматтык абалынан ашыра пайдаланып жатышкан­дарын айткым келет, ал эми сот системасы тууралуу болсо үн­дөбөй эле коёюн. Ал таптакыр иштебейт. Мен эми кандай бо­лоорун билбейм! Мен азыркы кырдаалга баа берейин десем эле, дароо миллиондогон элдер иштин чоо жайын билбей туруп «Ырас болот, бул кайтаар дүй­нө» деп жаза башташат. Ошон­дуктан мен силерге атам менен сыймыктанаарымды бөлүшкүм келет, мен ар бир уул атасы ме­нен сыймыктанган сыяктуу эле сыймыктанам. Менин атам ЭР­КЕК жана саткын эмес!

Бүгүн биз элдердин сегиз жыл аралыгында бир адамга кандай жүгүнүп, жагынып жа­на өмүрүнүн акырына чей­ин сатпайм деп ант берип, майрамдарда эптеп эле көзүнө көрүнүп калайын деп, белек берип жүргөн адамдардын чы­ныгы жүзүн көрүп жатабыз. Алар бүгүн башка кепти айтып жатышат жана мурдагы сонун сөздөрүн эми башка адамга ай­тып жүрүшөт. Биз көп жылдан бери элибиз «эки жүздүү» болуп калды деп тамашалап жүрөбүз, албетте бул тамаша дегилечи, бирок чындыктын үлүшү бар!

Көп элдер менин атамды би­лишет кандай адам экендигин, менин мүнөздөмө берүүмдүн кажети деле жоктур. Ар кимдин өзүнүн ою, ага карата мамилеси бар дегилечи бирок…»

Мурдагы мэрдин уулу атасы камалаарда атасы ага келип, ма­ектешкендигин минтип айтат:

«Ал түз эле «эртең мени СИЗОго киргизишет, камалам»- деп айтты. Мен аябай таң кал­дым, бул күтүүсүз болду. Мен, эмне жазыгыңыз үчүн? – деп су­радым. Ал «анткени мен саткын эмесмин» – деп жооп берди». Биз көпкө сүйлөштүк, мен анын ай­ткан сөзүн сөзмө сөз айтайын: «Каныбек, мен кишини сатып кете албайм, анткени ага менин абийирим жол бербейт!» деди.

Мен ошондон бери таң эр­те туруп жаңылыктарды ачып карайм, атамдын ошондо ма­га эмне айткысы келгендигин билгим келет. Тилекке каршы биздин арабызда достукту, бе­рилгендикти жана абийирди сактаган адам аз экен. Ушул се­гиз жылдын ичинде атам мам­лекеттен бир да сыйлык, на­ам алган жок. Мурункудай эле Бажы кызматынын полковни­ги боюнча калды. Ал сегиз жыл аралыгында элге көрүнүү үчүн же наам үчүн иштеген жок, ал биздин өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштеди. Бир акылман минтип айткан экен: «Эгерде жаңы мэр жакшы иштеп жаткан болсо, де­мек мурункусу мындан да жак­шы иштеген»-деп.

Убакыт өтүп, баары өз орду­на келет. 2018-жылы жүз буруп кеткен адамдар 2024-жылы да жүз бурат. Мен болсо атамдын патриот жана абийрдүү экенди­гине сыймыктанам…»

Эске салсак, Кубанычбек Кул­матовду 346-берене боюнча (Мамлекеттик чек араны мый­замсыз кесип өтүү) жана 350-бе­рене (Жасалма документтерди колдонуу, штамп, мөөр, сыйлы­ктарды, бланктарды жасал­ма жасоо), ошондой эле Биш­кек ЖЭБин модернизациялоо­го бөлүнгөн 2 миллион доллар гранттык каражатты мак­сатсыз пайдаланууда 303-бере­не 1б. (Коррупция) боюнча ай­ыпталып жатат.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: