– Менде баары жакшы. Ар бир нерсе Кудайдан. Жаратканкан мага дагы бир сыноо бериптир. Чын жүрөгүмдөн кабыл алдым. Мен сынбаймын. 3 балам турганда кайратым ташка чапса сынбайт! Эне жүрөгү-тоодой бийик болот. Өнөр адамы катары, музыкалык окуу жайдын абалына жүрөгүм ооручу. Зээриккенимден же кылаарга ишим жоктон барган жокмун! Тобокелге салып, меценат тартып, проект жазып 2 жылда гүлдөтүп коймокмун. Ойчулдун оюу бүткүчө-тобокелчинин иши бүтчү эле… Мейли, насип деген нерсе бар! Менден башка жакшы адам келип оңдоор…үмүт кылам жана тилектешмин. Өнөр адамдары абдан назик. Сулуу, кооз, көркөм жерде жашаса, окуса өнөр өөрчүбөйбү…. Окуу жайдын жамаатына, улуу ага-эжелер сиздерге абдан ыраазымын. Бир да жаман сөз айтпай, кучак жайып тосуп алдыңыздар. Мен сиздерге ден-соолук каалаймын. Өзүмдүн кадырымды дагы бир жолу сездим! Мен деген оңой адам эмес экенмин! Менин кичинекей кызматка келишим, көп адамдын уйкусун бузат экен… кээ бир чоң кызматта иштеген агаларымдын көкөйү кайнайт экен. Бирок айтаарым, кучактап отурган креслодон кетээриңер менен эл унутат. Кудайым берген талантым менен мен элдин жүрөгүндө болсом керек. Атагым ааламга, даражам дүйнөгө таанылгыча эмгектенем, Оомин! Мага жата калып бут тоскондор мен силерге капа эмесмин. Ыраазымын! Ылайым менин куту төгүлгөн дастарконумдан чай ичкиле! Көө-өп сөз бар эле… бирок менин мүнөзүм аял болсом да эркекче! Бир айтам, бирок кайтпаймын! Өзүмдүн оюм менен жашаймын! Жакшы сөз жазып, жакшылык каалаган замандаштарым, баарыныздарга чоң рахмат!
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ