Казакстан америкалык инженер Илон Маскка тиешелүү эки спутник учурат. Бул чечим Астана шаарында өткөн Эл аралык инновациялык “Digital Bridge” форумунда кабыл алынганын Коргоо жана аэрокосмостук өндүрүш тармагынын вице-министри Марат Нургожин билдирди. Бул тууралуу “Астана” сайты жазып чыкты.
Анын айтымында 150гө жакын инженер Европа, Англия жана Орусиянын заводдорунда практика өтөшкөн.
“19-октябрда биз Калифорниялык “Falcon 9” ракетасын учурабыз”, – деди ал вице-министр.
Айта кетсек, “Falcon 9” – америкалык “SpaceX” компаниясына тиешелүү оор салмактагы ракета болуп эсептелет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ