Социалдык тармакта көп отуруу адамды жалгызсыратып, депрессияга кабылтат. Бул тууралуу Journal of Social and Clinical Psychology жазып чыкты. Маалымат боюнча басылма АКШдагы Пенсильвания университетинин психологдорунун изилдөөсүн жарыялаган.
⠀
Алар атайын эксперимент жүргүзүшүп, экспериментте Facebook, Instagram жана Snapchat тармактарын активдүү колдонгон 143 студент катышкан. Алар эки тайпага бөлүнүп, биринчиси соцтармакта адаттагыдай көп отурса, экинчи топ бир суткада жарым сааттан көп эмес колдонгон.
Үч жумадан соң студенттер жети көрсөткүчү бар анкетаны толтурушкан. Анын ичинде социалдык колдоо, элден чыгып калуу сезими, жалгыздык, чочулоо, депрессия, өзүн-өзү баалоо өңдүү көрсөткүчтөр болгон.
⠀
Натыйжада биринчи тайпанын катышуучулары экинчи топко салыштырмалуу эксперимент маалында көбүрөөк жалгыздыкка кабылып, депрессияга учурагандыгы аныкталган.
⠀
Айта кетсек, айрым адистер Instagram тармагын колдонуп жаткан маалда өз жашоосун ал жактагыларга салыштырып, башкалар мыкты жашап жаткандай сезим калтыра тургандыгын белгилешет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ