Биздин тыңчыкмалар тазалык, чындык жөнүндө сөз кылган маалда оозуң Ошту, көзүң көкту карайт. Жанында туралбайсың. Анан эле иш кылган маалда сүйлөгөн сөзү дал келбегени кызык. Айтсак, азыр Жогорку Кеңештеги депутаттардын дээрлик көпчүлүгү бизнесмендер, бирок декларацияда жарымынын үйү жок «томояк» экен. Аргасыздан жылмаясың. Маселен, жумурай журттун баары жакшы тааныган, чириген байлардын бири Тынчтыкбек Конушбаевдин үйү жок. Буга кантип ишенебиз?
—Тынчтыкбек мырза, сиздин үйүңүз жок болсо, азыр айтылуу «Байтур» мончосунда жашап жатасызбы? Же, башыңыз айланып, декларацияга шаардын кайсы жериндеги үйдү жаздырышыңызды билбей башыңыз катып, бош калтыргансызбы?
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ