Дүйнөлүк банк Ысык-Көлдүн айланасындагы жолдун курулушуна 55 млн доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал Борбордук Азия аймагындагы жолдорду оңдоо долбоорунун негизинде 2019-2024-жылдар аралыгында ишке ашат. Каражаттын 50 пайызы гранттык, ал эми 50 пайызы болсо кредиттик негизде берилет.
Аны менен катар Түп-Кеген унаа жолунун 39-76 чакырымдары, «Каркыра» капчыгайында 15 чакырымга жакын жол курулат. Ошондой эле 5 туристтик маалыматтык кызмат борбору ачылат.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ