Menu

Өзбек оппозициячысы Мухаммад Салих Интерполдун тизмесинен чыгарылды

Бөлүшүү:

Интерпол өзбек оппозициячысы Мухаммад Салихти издөөдөгү адамдардын тизмесинен чыгарганын расмий ырастады. Бул тууралуу Салихтин Норвегиядагы адвокаты Тронд Улсен Насса 9-ноябрда билдирди.

2001-жылы оппозициялык «Өзбекстан элдик кыймылынын» жана «Эрк» партиясынын лидери Мухаммад Салих өзбек бийлигинин өтүнүчү менен Прагада кармалган. Бирок чех соту бул иштин саясатташканын эске алуу менен Салихти өткөрүп берүү боюнча Ташкенттин өтүнүчүн четке кагып, эркиндикке кое берген.

Учурда Түркияда жашап жүргөн 68 жаштагы белгилүү өзбек акыны жана оппозициячыл саясатчы Мухаммад Салих 1989-жылы демократиялык «Эрк» партиясын негиздеп, 1991-жылы декабрда ошол кездеги өлкө башчы Ислам Каримовдун жалгыз атаандашы болуп президенттик шайлоого катышкан. Расмий маалыматтар боюнча ал шайлоочулардын 12,7% добушун алган. Ал эми көз карандысыз байкоочулардын баамында добуштардын көбүнө ээ болгон. Шайлоодон кийин Салихтин тарапташтарынын студенттик демонстрациясы ок атуулар менен таркатылып, оппозициялык гезиттер жабылган. Оппозиция лидерлерине болсо кылмыш иштери козголгон. Ал Өзбекстандан 1993-жылы чыгып кеткен.

2000-жылы ноябрда Өзбекстандын Жогорку соту Мухаммад Салихти «Конституциялык түзүмгө кол салуу» жана «Өзбекстан президентине кол салуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 15,5 жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары Салих 1999-жылкы Ташкенттеги беш жардырууну уюштурууга күнөөлүү деп табылган.

Бирок Шавкат Мирзиёев президент болгондон кийин бийлик оппозицияга карата мамилесин жумшартып, бир нече саясий туткунду, анын ичинде оппозициячыл саясатчы Мухаммад Салихтин иниси Мухаммад Бекжанды абактан чыгарган.

Быйыл февралда Өзбекстан интеллигенциясы президент Мирзиёевге кайрылып, Мухаммад Салихтин мекенине кайтып келүүсүнө уруксат берүүнү өтүнүшкөн. Бирок расмий Ташкент интеллигенциянын бул кайрылуусуна эч кандай реакция кылган эмес.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: