Menu

Жаныш Бакиевдин “Искра плюс” гезитине берген маегинин толук версиясы

Бөлүшүү:

Бүгүнкү интервью тууралуу бир катар ММКларга айтылып да, жазылып да келди. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан интервью болду. Бул интервьюга байланыштуу 3-4 гезитке өзүм да интервью бердим. А түгүл ИИМ министри Мелис Турганбаев да алдын-ала маек берип, өз оюн айтканга үлгүрдү.

Албетте, коомчулуктун бүйүрүн кызыта тургандай, бир топ саясатчыларды, чиновниктерди чочулата тургандай себеби бар. Анткени Жаныш Бакиев бир кезде Кыргызстандагы эң таасирдүү фигуралардын бири болгондугу талашсыз. Анын атына байланыштуу ар кандай кылмыш иштер, киши өлтүрүүлөргө байланышкан фактылар, божомол-дөдөмөлдөр аралаш айтылып жүрөт. Анан калса Жаныш мырза буга чейин 6 жыл өтсө да эч бирине жооп кайтарбай, реакция жасабай күтүп отурганы да көбүнүн тынчын алды.

Эми албетте, маектешкен саясатчы болобу, экс-чиновник болобу, же карапайым адам болобу, ичиндегисин толук чыгара бербеси түшүнүктүү. Кандай болгон күндө да интервью бул Жаныш Бакиевдин жеке субъективдүү пикири жана маалыматы болуп эсептелет. Аны коомчулук кандай кабылдайт, ал өзүнчө кеп.

Менин Минск шаарына болгон күтүүсүз сапарым эмнеден улам болгонуна бир аз токтоло кетейин. Буга чейин окурмандарым жакшы билгендей, Бакиев аттуулардын баарын абдан ачуу сөздөр менен жазып келгем. Бир күнү мага Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев күтүүсүздөн байланышка чыгып калды: “Адилет, мен сени сыйлайм. Бирок качанга чейин эле Бакиевдерге бир беткей асыла бересиң. Анчалык объективдүү болсоң атама жолуктурайын, интервью алып, ошол ачуу суроолоруңду өзүнө айтпайсыңбы”, -деп калды. Мен ойлонуп туруп макул болдум.

Интервью 5 саатка созулду. Курч маанайда өттү. Суроолордун көбү негативдүү фактыларга байланыштуу болгондуктан, маектешим экөөбүздүн ортобузда чыңалган абал өкүм сүрдү.

Абдан көлөмдүү интервью болгондуктан, аны басмага даярдоо да көп убакытты талап кылаары белгилүү. Мына ушуга байланыштуу жарыялоо убактысы абдан создугуп кетти. Ошондуктан окурмандарымдын бүйүрүн кызытып, күттүргөнүм үчүн кечирим сурайм.

Дагы бир жолу кайталайм, бул айтылган пикирлер маектешимдин жеке өзүнүн пикири. Эгерде Жаныш Бакиевдин айтканына каяша пикир айта тургандар болсо, аларга дагы гезит бетинен орун бергенге даярбыз.

Сиздерди урматтоо менен Адилет Айтикеев.

Айтикеев А.: Жаныбек Салиевич, саламатсызбы,  6 жылдан бери Сиз тууралуу ар кандай малыматтар, имиштерди гана угуп жаттык. Бирок бир да жолу үн каткан жоксуз. Эмне менен алек болуп жүрдүңүз?

Бакиев Ж.С.: Салам алейкум Адилет. Биз Кыргызстанды таштап кеткенибизге 6 жылдын жүзү болду. Башында Түркияда жашадым, андан кийин КМШнын башка өлкөлөрүндө болдум. Андан кийин гана Беларуска келдим.

Албетте, моюнга алыш керек, башында бөтөн жерге көнүш абдан кыйын болду. Бирок, убакыт баарын дарылайт деген чын экен. Адам акырындык менен жаңы жашоого, жаңы адамдарга, бөтөн коомго көнө баштайт экен.

Айтикеев А.:- Бош убакытты кантип өткөрүп жатасыз? Зериккен жоксузбу?

Бакиев Ж. С.: -Мен мурдагыдай эле эртең менен эрте туруп спорт менен машыгам, теледен белорустардын, орустардын, Европанын жаңылыктарын көрөм. Офиске барып жеке иштерим менен алектенем, интернеттен Кыргызстандагы, Борбордук Азиядагы жаңылыктарды окуп. Кыргызстандагы бардык жаңылыктардан, саясаттан, ар бир окуядан кабардармын.

Айтикеев А.: -Туугандар, достор дегендей, келип турушабы?

Бакиев Ж. С.: -Ооба, кудайга шүгүр, мага туугандар, достор тез-тез каттап турушат. Эң алгач Караганды шаарында Милициянын Жогорку мектебинде чогуу окуган курсташтар келишти. Алар негизинен Россиядан, Казакстандан жана Кыргызстандан чыккан балдар. Мына ушундай адамдар менен достоштурган Кудайга миң мерте ыраазымын. Канткен менен жигиттик достук баарынан бекем болот экен. Буга аябай ынандым. Биз Карагандыдагы Милициянын Жогорку Мектебин окуп бүтүргөнүбүзгө 35 жыл болду. Ошого карабай достор абдан ынтымактуу. Жыл сайын менден кабар алып келип турушат.

Ал эми бир туугандар менен дайыма чогулуп турабыз. Азыр айрыкча ынак болуп калдык. Майрамдарды чогуу тособуз, ар кандай маселелерди бирге талкуулайбыз дегендей.

Айтикеев А.: -Жаныбек Салиевич, эми Сиз тууралуу Кыргызстандагы жүрүп жаткан сот процесстери боюнча сөз кылсак.

Бакиев Ж.С.: -Адилет, мен Сиздин бардык суроолоруңузга жооп бергенге даярмын. Бере берсеңиз болот.

Айтикеев А.:-2005-жылдын 26-мартында Улуттук Банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын имаратынан 22 миллион сом дайынсыз жоголгондугу боюнча Сизге айып тагылып, соттун өкүмү чыгарылганын жакшы билесиз. Чындап эле бул окуяга катыштыгыңыз барбы?

Бакиев Ж.С.:-Убактылуу Өкмөт өзү уюштурган мамлекеттик төңкөрүштөн кийин алардын ач тырмактарынан мага каршы ар кандай кылмыш иштери ачыла баштады. Алар эң алгач мына ушул банкты тоноо боюнча мага айып коюшту.

2005-жылдын март айында айрыкча Жалал-Абад облусунда абал өтө чыңалуу болучу. Кайсы бир убактарда баш аламандык, тартипсиздик да өкүм сүрдү. Так күнү эсимде жок, андан бери 10 жыл өттү дегендей. Мага ошол күндөрү бир жолу кеч курун Акаев бийлигине активдүү каршылык көрсөткөн жаалданган балдар чалып калышты. Алар эч кимдин уруксаты жок эле банктагы сейфтеги акчаны алып, Жалал-Абад облустук Улуттук Коопсуздук башкармалыгынын имаратына көтөрүп келишиптир. Ал убакта мен облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп убактылуу иштеп тургам. Мен алардан сурадым: “Эмне үчүн бул акчаны алып чыктыңар?” –деп. Алар мага: “Акаев бийлиги бул акчаны элге каршы колдонуу коркунучу жаралгандан улам биз алып чыктык”, -дешти. Мен алардан акчаны Ички иштер башкармалыгынын имаратына алып баруусун өтүндм. Анткени ал жерде куралдуу күзөт бар болучу. Акчаны эсептеп, тактап, видеого тартып, ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө өткөрүп бердик. Алар бизге келе жатканда жолдон акчанын кайсы бир бөлүгүн алып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайм. Кийин ошол акчаны банкка өткөрүп бергенде, кандайдыр бир бөлүгү жетпей калганын уктум. Март окуясынан кийин ошондогу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров мени чакырып сурак кылган. Мен ага болгонун болгондой айтып бергем. Мен ойлойм, эгерде ошондо менин банктагы уурдалган акчага тиешем тууралуу кичине эле шек пайда болгондо, андан бери Азимбек Бекназаров эмдигиче 100 жолу дүйнөгө жар салып кыйкырмак. Анткени ал иш Башкы прокурордун көзөмөлүндөгү иш болгон.

Жакында эле Сузак райсотунун чечими менин колума тийди. Эми бул иштин канчалык жасалма экенин билиш үчүн анчалык деле юридикалык билимдин кереги жок. Ал өкүм ушунчалык сабатсыз жазылган. Мына ушундан кийин судья К. Касымбековдун компетенттүүлүгү суроо жаратат.

Ал документ 2005-жылдын 4-мартында менин ошол кездеги Элдик кошуундун мүчөсү Н. Нишанов аттуу таанышыма Улуттук Банктын Жалал-Абаддагы бөлүмүнөн ошол акчаны алып чыгуу тууралуу буйрук бергенимден башталат экен. Мен качан, каерден мындай буйрук бергендигим, ал буйрук бергендигимди ким тастыктагандыгы тууралуу эч нерсе жок. Эгерде ошол Нишанов бул көрсөтмөнү өзү берип жатса, мен аны менен беттешип сурак бергенге даярмын. Эгер андай болбосо, анда тергөө кайсы негизде, эмненин негизинде менин “буйрук бергендигимди” тастыктап жатат?

Андан ары менин күнөөм аныкталгандыгы тууралуу жазылыптыр. Бирок ал ким тарабынан, кантип аныкталганы, эмненин негизинде аныкталганы тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Көрсө мени КР Кылмыш Кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүгү (талап-тоноочулук) менен айыптап жатышыптыр. Эми бир сөз менен айтканда мага ушундай статьяны жармаштырган сотторго рахмат. Мындан дагы жаман беренени ойлоп табышы мүмкүн эле да.

Андан ары өкүмдө 2010-жылдын апрелиндеги окуялар тууралуу жазылыптыр. Көрсө мен өзүмдүн тууандарым менен Тейит айылында жүргөн Президентти коргоого элди үндөптүрмүн. Болгондо дагы куралдуу адамдардын тобун түзүп, анысы аз келгенсип жолду тостуруптурмун! Ооба, мен Тейит айылында болгом, мыйзамдуу шайланган президентти кайтаргам. Анткени бул менин мыйзам чегиндеги милдетим болучу.

Ал эми Массалык баш аламандыктын чыгышына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү күнөөлүү. Анткени алар Кадыржан Батыров менен биргеликте элди баш аламандыкка түртүшкөн. Мен ал убакта Кыргызстанда жок болчумун. Зарыл учурда мен муну тастыктап берем. Курманбек Салиевич Жалал-Абаддан чыгып кеткенден кийин мен дагы Кыргызстандан кеткем. Чек арадан менин өткөндүгүм тууралуу белги бар.

Ии баса, мени жакында дагы бир ирет өмүр бою эркимден ажыраткан чечим чыгарышыптыр. А дегенде Октябрь райсотунун судьясы Б. Жаналиев, андан кийин Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы өкүм чыгарыптыр. Негизи эле кызык жагдай, Максим Бакиев менен анын Надель, Гуревич, Ким ж.б. ушул сыяктуу жакын адамдарын соттоптур да, ортосуна мени кошуп коюшуптур. Кандай максат менен, эмненин негизинде мен ал жерге кошулуп калганымды билбейм.

Андан ары судья жазып жатат: “После марта 2005года с приходом к власти К.Бакиева, его сын Максим Бакиев создал команду из сокурсников и приближенных лиц. Якобы денежные средства, добытые преступным путём Максим и его команда, с целью придания законного вида их происхождения, приобретали государственные и негосударственные здания, сооружения, земельные участки. Которые оформлялись на аффилированные ему юридические и физические лица. Далее: Ж.С.Бакиев принимал непосредственные участие в таких схемах”. Менин бул “бандага” кандайча кошулуп калгандыгым табышмак.

Көрсө мындай кызык жери бар экен: «В марте 2008года Б. М. Байкожоев был приглашен в офис расположенный по ул. Орджоникидзе города Бишкек, где «Ж. С. Бакиев» потребовал передать ему все принадлежавшие Байкожоеву и членам его семьи акции банка, переоформив их на лиц указанных его доверенным лицом С.Ким, в противном случае угрожал арестом его родных и вынесении в отношении них обвинительных приговоров», -дейт. Ушул жерден дагы бир жолу тергөөчүлөрдүн, оперлердин сабатсыздыгына, макоолугуна ынандым. Бирок сот Байгожоевден сурашы керек эле да, качан, ким аркылуу жана кандай максат менен мен аны офиске чакырганымды. Бул биринчиден.

Экинчиден, менин офисим эч качан Оржоникидзе көчөсүндө болгон эмес. Албетте, биздин “законниктер” Серго Оржоникидзе тууралуу жазып жатканын билип алса болмок а дегенде. Менин офисим Шота Руставели көчөсүндө жайгашкан. Албетте, экөө тең грузин, ошол жагынан балким байланыштырып, болжолдоп жазып коюшса керек. Бирок алардын бири жалындуу революционер, экинчиси белгилүү жазуучу, акын да. Экөөнүн айырмасы бар.

Үчүнчүдөн, мен эч качан Байгожоев аттуу мырзаны офиске чакырган эмесмин. Мынчалык эле жалган айтуунун да чеги болушу керек го акыры. Менимче аны да мага каршы арыз жаздырышса керек. Ошондо деле жигит деген жигит бойдон калышы керек. Минтип адамды негизи жок күнөөлөй берген туура эмес.

Төртүнчүдөн, мен эч качан Максимдин командасында болгон эмесмин жана анын өтүнүчтөрүн аткарган эмесмин. Эгер зарыл болсо жогорудагы аты аталгандардын бири көрсөтмө берип, айтсын. Менимче эч ким менин Байгожоевди өзүмө чакырып коркутканым тууралуу айта албайт. Анткени ал жалган. Менин соттун судьясына жана Байгожоевге карата бир катар суроолорум бар. Мен ишенем, алар мага жооп бере албай качышат. Буюрса Кыргызстанга барам жана сотто териштирем.

Айтикеев А.: -2005-жылдын 21-сентябрында түнкүсаат 22:00дө Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Бул буюртма өлтүрүүнүн артында Сиздин тураарыңызды түкшүмөлдөп айтып  жүрүшчү. Бул боюнча пикириңиз кандай?

Бакиев Ж.С.: Мен билгенден бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иш-чаралары толугу менен өткөрүлгөн. ИИМ жана УКМК тарабынан бул кылмыш иши боюнча тиешелүү күнөөлүүлөр кармалып, узак мөөнөттөргө кесилген. Баяман Эркинбаевди өлтүрүүнү ишке ашырган Чеченстанда туулган Султан Абалаев. Ал эми кылмыштын дагы бир катышуучусу Махмут Рузиметов жана Баяман Эркинбаевдин жакын досу Сабыр Батыров. Тергөөнүн жүрүшүндө буюртманы берген Батыров Сабыр экендиги аныкталган. Батыров Сабыр 20 кг героинди криминалдык авторитет Болот Тынычбековго жеткирип бербей койгондугу үчүн Баяман Эркинбаевден өч алган. Кандайдыр бир деңгээлде мени бул ишке байланыштырып, буюртма берген адам деп атап жүрүшөт. Бул эч кандай далилсиз, жалган сөз. Анткени Баяман Эркинбаев экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы болучу.

Айтикеев А.: -Эмне үчүн Баяман Эркинбаев өлөөрдүн алдында ИИМ тарабынан анын машинелери арестке алынып, жан сакчылары камалган? Бул Баяман Эркинбаевдин атайылап бүтүн тушап, өлүмгө салып берүү аракети эмес беле?

Бакиев Ж.С.: Баямандын машинелеринин жана жан сакчыларынын камалышы боюнча менде эч кандай маалымат жок. Ошол учурда ИИМ министри, Күзөт департаментинин башчысы ким болгонун тактап, мына ошолордон сураш керек. Анткени мен бул тууралуу билбейм, ошон үчүн эч нерсе айта албайм.

Албетте, бул боюнча Баямандын кээ бир туугандары, эжелери айтып жүргөнүн угуп калгам: “Ушу Жаныштын тиешеси бар болушу керек” деп. Бул эми кадимки эле базардын деңгээлиндеги ушак сөз. Баяман Эркинбаев менен талашып-тартышканга бизде эч кандай себеп болгон эмес. Бул адам өлтүрүү фактысын ачуу иши менен УКМКнын “Т” башкармалыгынын начальниги Марат Иманкулов алектенген. Ал профессионал чекист. Таза жана ак иштеген адам. Мына ушул кишиден сурасаңыздар так жооп аласыздар. Эми азыр Бакиевдин заманы эмес да. Ал киши болгонун болгондой айтып берсе керек.

Айтикеев А.: -2005-жылдын 10-июнунда ЖК депутаты Жыргалбек Сурабалдиев Бишкектин чок ортосунда атылып өлтүрүлгөн. Бул буюртманы да Сизге байлап жүрүшөт…

Бакиев Ж.С.: Мен билгенден бул кылмыш иши боюнча күнөөлүү аныкталган. Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү боюнча кылмышты мурдагы ИИМ министри Зарылбек Рысалиев ачкан. Ал профессионал опер кызматкер болучу. Бул боюнча бардык суроолорду Зарылбекке берсеңиз болот. Ал так жооп бере алат деп ишенем.

Ошондой эле Зарылбек Рысалиев дагы бир резонанстуу кылмыш иши болгон полковник Анвар Алиевдин өлүмүн ачкан. Бирок, апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бардык киллерлер, киши өлтүргүчтөр Турганбаевдин кеңеши, Атамбаевдин буйругу менен эркиндикке кое берилди. Азыр алар Мелис Турганбаевдин группасында наркотик ташып иштеп жатат.

Айтикеев А.: -Жыргалбек Сурабалдиев 2005-жылдын 17-июнунда Ак үйдү басып алууга аракет жасаган Урмат Барктабасовду колдоп, өзүнүн жактоочуларын даярдагандыгы тууралуу маалыматтар бар. Негедир Сурабалдиев 2005-жылдын 10-июнунда, тагыраак айтканда Барктабасовдун окуясына 7 күн калганда өлтүрүлүп жатпайбы…

Бакиев Ж.С.: Мына, Сиз Жыргалбек Сурабалдиев Урмат Барктабасовго Ак үйдү басып алганга жардам берүүгө даярданганы тууралуу айтып жатасыз. Анда Барктабасовдун аракети ийгиликсиз аяктабады беле? Барктабасов кетип калды, кийин кайра келди. Менимче бул сурооңузду ага узатканыңыз туура болот го дейм. Жыргалбек Сурабалдиевге тиешеси бар же жогун айтып бермек.

Айтикеев А.: –Маркумдун кызы Эльвира Сурабалдиева атасы өлгөндөн көп өтпөй аны Максим Бакиев чакырып, бизнесин тартып алууга аракет кылганын айтып чыккан. Буга кандай карайсыз?

Бакиев Ж.С.: Эльвира Сурабалдиеваны атасы каза болгондон кийин Максим чакырганын айтып жатасыз. Эми муну Максимден сураш керек. Бул маселенин мага тиешеси жок. Чын-калпын билбейт экенмин.

Айтикеев А.: -Жаныбек Салиевич, учурда Кыргызстанда Сиз тууралуу сөз болгондо ким болбосун Садыркуловду мисалга тартып, Сиздин буйругуңуз менен киши колдуу болгондугун айтып келишет. Эмесе бул боюнча да суроолорду даярдап келдим эле. Четинен узата берейин.

-Медет Садыркулов менен Сиздин ортоңуздагы тиреш эмнеден улам чыкты?

Бакиев Ж.С.: Медет Садыркулов менен менин мамилем жакшы болучу. Экөөбүз иш боюнча тез-тез көрүшүп турчубуз. Ортобузда эч кандай конфронтация болгон эмес. Болгон күндө дагы майда-чүйдө гана маселелер боюнча түшүнбөстүктөр болучу. Ал көбүнчө Максим деген неме менен иштешип жүрдү. Көп иштерди бирге жасап жүрүштү. Мен чынын айтканда алар менен өтө сейрек жолугушчумун. Мен үчүн Садыркуловдун өлүмү күтүүсүз болду.

Айтикеев А.: -2008-жылдын башында коомчулукту чуу түшүргөн кесилген сөөмөй-кулак окуясынын негизги буйрук берүүчүсү катары Сизди атап жүрүшөт. Бул тууралуу Садыркулов боюнча тартылган даректүү тасмада азыркы ИИМ министри Мелис Турганбаев дагы бир топ маалыматтарды айтып, “биздин иликтөөбүздүн акыры бул иштин башында Жаныш Бакиев турганын тастыктаган” деп билдирди… Буга кандай пикирдесиз?

Бакиев Ж.С.: —Ооба, Турганбаев “мырзанын” минтип айтканын мен да окугам. Турганбаев кылымдын кылмышын ачкандай катуу жар салып, баарын мага илип жатат. Бул Турганбаев “мырзанын” иштөө методу менен 1930-жылдардагы басмачылардын, жана башка оор кылмыштардын да бетин ача берсе болот. Бул 1937-жылдагы НКВДнын жана Гестапонун методу. Адамдарды кармап, ГУБОПтун имаратына алып келип, башына противогаз же мүшөк кийгизип, уруп башташат. Адвокаттары менен да жолуктурбайт, туугандары менен да жолуктурбайт. Керек болсо суу да бербей коет. 3 күн бою уктатпай сабашат. Анан тиги бечара төртүнчү күн дегенде каалаган айыптоосун моюнуна алып, оперлер даярдап берген даяр көрсөтмөгө кол коюп берет. Өзүңөр жакшы билесиңер, СССР маалында канчалаган атактуу, күчтүү адамдар ушундай кыйноолордун артынан сынып калышкан. НКВДнын кызматкерлери мыкаачылык менен генералдарга, командачыларга карата кыйноолорду жасаганда алар “ооба мен немец разведкасынын агентимин”, “япон разведкасынын агентимин” деп жок кылмыштарды моюндарына алышкан. Бул Кыргызстандын тарыхында деле бар. Биз муну көркөм фильмдерден гана эмес, тарых аркылуу да билебиз. Мына ушундай ыкмалар менен Турганбаев жана анын чөөлөрү жөндөн-жөн кылмыш кылбаган адамдарды зордоп, кыйнап, кылбаган кылмыштарды моюндарына алдырышкан. Мен Сизге бир аздан кийин фактыларды мисал келтирем.

Айтикеев А.: -2009-жылы 13-марттан 14-мартка караган түнү табышмактуу жагдайда каза болгон Президенттин мурдагы администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Сизге бир катар айыптар тагылып, сот өкүмдөрү чыкты. Бул боюнча кененирээк айтып берсеңиз.

Бакиев Ж.С.:-Биринчиден, Садыркулов, Слепченко жана Сулайманов боюнча көңүл бура турган жагдайлар көп. Мен өзүм көп жылдар бою Кылмышкерлерди издөө бөлүмүндө, Эл аралык башкармалыкта жана башка оперативдик кызматтардын структураларында иштеген адам катары айта алам, ИИМ, прокуратура, сот системасында иштеген адамдар айрыкча адамзатка каршы кылмыштын маанисин жакшы түшүнүшөт. Биринчи эле өлүмдүн себебин аныктоо боюнча суроолор пайда болду. А дегенде эле тергөөчү, прокурор жана сот өлүмдүн себебин аныктоо маселесине кайрылышат. Эмненин натыйжасында өлүм болгон?Соттук медициналык эксперт буга так аныктамасын бериши керек, уруп-сабоодонбу, же ок атууданбы, же бычактагандан уламбы деп. А Садыркулов, Слепченко, Сулайманов үчөөнүн өлүмүнүн себептери аныкталган эмес. Бул эми “несчастный случай” болуп калды да. Себеби ал жерде “временщиктер” айтып жаткандай  кыйноонун, мунтуунун, ок атуунун эч кандай белгилери жок. Бул жерде өлүктөр катуу күйүп калгандыктан, өлүмдүн себептерин аныктоого мүмкүн эмес. Күбөлөрдүн жана тергөө жүргүзгөндөрдүн айтымында, ал жерде адамдын өлүгү экенин элестетиш да кыйын, анткени күл болуп калган да. «ВПэшниктер» болсо Соттук медициналык экспертизанын кызматкерлерин мажбурлап, корутундуну кайра жасатышкан. Андан ары кылмыштын бетин ачуу Каптагаевдин китебинде жазылган сценарий менен кетет. Эми Каптагаевдин фантазиясына таң берсе деле болот. Тим эле өзү ошол жерде карап тургандай, көргөндөй кылып жазган. Бул кылмыш ачыла электе эле ал кайдагы бир 2 генерал аларды кыйнаганын сүрөттөп жазган.

Андан ары алар дүйнөгө даңазалап өздөрүн пиар кылуу менен алектеништи. Турганбаевдин бандасы ишке киришип, канча жылдар бою наркотик, курал таштап, ар кимди шантаж кылып, карактоо менен алектенип келген ыкмасы менен ишти улантышты. Гестапонун ыкмасы менен иштешти.

Айтикеев А.: -Кандай мисалдарды келтире аласыз?

Бакиев Ж. С.: -Мисалга кармалгандардын бири Марат Турдукулов абдан катуу, мыкаачылык менен сабалган. Анын кабыргаларын сындырышып, ички органдарын талкалап салышкан. Катуу оорудан улам ал эсин жоготуп, анан “гестапочулар”тез жардам чакырууга аргасыз болушкан. Муну дагы тез жардамдын журналынан карап тактап алсаңар болот. Мындай кыйноолорду жасаганда ким болбосун өзүнүн жанын сактап калыш үчүн керек болсо 1 кылым мурдагы жасалган кылмышты да мойнуна алганга даяр болот. Балдар сынып калышты.

Дагы бир кызык жери, мен билгенден 28-30 адамга айып коюп жатышат. Мен түшүнбөйм, кантип бүтүндөй бир взвод кызматкерлерди катарга тизип алып ушундай адам өлтүрүүнү жасаса болот? Элестетип жатасызбы, бир взвод адам тизилип алып ушундай кылмышты жасап жатканын? Кээ бир соттолгондор бошонуп да чыгышты. Керек болсо менин айдоочумду, жан сакчымды дагы соттошту, кылмышты жашырдыңар деп. Алар эмнени жашырышкан? Кимден жашырышкан? Эмнени кимге айтпай коюшкан? Жооп жок. Муну менен Турганбаев өзүнө арзан пиар жасап, кылымдын кылмышын ачкандай мактанып жүрөт. Кандай ачканын өзүнчө иликтеш керек. Ошондо эле айыпталуучулардын адвокаты Икрамидин Айткулов тергөө тобунун башчысы Усупбаевге сот залынан суроо берип жатат: “Бул кылмыш боюнча кандай далилдериңер бар?” деп. Усупбаев жооп берип жатат: «Соттолуучулардын моюнга алган көрсөтмөлөрүнөн башка тергөөдө эч нерсе жок» деп. Мына, дагы бир жолу кайталайын: «Соттолуучулардын моюнга алган көрсөтмөлөрүнөн башка тергөөдө эч нерсе жок» деп жатат. Ал өзү мунун баарын моюнга алып жатат, албетте “временщиктердин” басымы менен сот баарын мыйзамсыз соттоп салды. Сотторго жасалган басым ачыктан-ачык эле көрүнүп турат. «Временщиктерге» айыптаган өкүм керек эле, анысын колго алышты. Бирок, Жогорку Соттун Конституциялык палатасы бул кылмышты иликтөөнүн өзүн мыйзамсыз деп корутунду чыгарды. Бул ишти ачкан да ГУБОПиК, иликтеген да, тергөөгө алган да ГУБОПиКтин тергөө бөлүмү, Эми ушул эле башкармалыктан сот жана прокурор дайындалса, 1937-жылдагыдай тройка болуп калмак. Тергөө ГУБОПко баш ийет, ал эми ГУБОП болсо ушул кылмыштын бетин ачуу менен алектенип, мунун баарын Турганбаев жетектеп жатат. Соттор бул спектаклди алып барууну каалабагандыктан, бир нече жолу отвод алышты.

Айтикеев А.: — Чек ара кызматынын   мурдагы   жетекчиси   Замир   Молдошевсоттогу  көрсөтмөсүндө   Медет Садыркуловдун  Кыргызстандан   чыкканын   жанакиргенин   Сизге  кабарлап   турганын  айтты.  Эгерде   ошол   чын   болсо   анда   эмне  максатта   маалымат берүүсүн өтүндүңүз эле?

Бакиев Ж.С.: —Замир Молдошев менен мен кээде телефон аркылуу сүйлөшүп калчумун. Бирок Садыркуловдун чек арадан өткөнү боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес. Азыркы бийлик деле чек арачыларга көп учурда ар кандай талаптарды коюп турат. Силер жакшы билесиңер, менин эки уулум чек арадан өтүп жатканда кармалган. 12 жаштагы Нурсултан менен Асылбекти жөн эле чек арадан өтүп бара жатканда кармашкан.

Айтикеев А.: -Бул окуя ошол кездеги ИИМдин версиясы боюнча кадимки жол кырсыгы деп жарыяланган. Бирок, ал жердеги машиненин тыкыр өрттөлүп, а түгүл аллюминий бөлүкчөлөр эрип кеткени, ал эми Лексус унаасын сүзүп алды делген Ауди машинеси дээрлик бүтүн бойдон калганы ж.б. ушул сыяктуу шектүү жагдайлардан улам ИИМдин маалыматтарына көпчүлүк ишенген эмес…

Бакиев Ж.С.: -Бул жол кырсыгына чейин деле, мындан кийин деле Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө катуу келе жатып жол кырсыгына кабылган машиналар турган жеринен күйүп кеткен мисалдар көп. Чүй облусунда деле жолдо эки машина кагышып, бирөөсү күйүп кеткен, экинчиси күйгөн эмес. Билбейм, балким эмне үчүн эки машиненин бири күйүп, экинчиси аман калганын аныкташ үчүн атайын техникалык билим керектир. Бирок, жашоодо ар кандай учурлар болот. Ошондуктан бул суроонун техникалык жагына жооп бере албайм. Элементардык түрдө айтканда, мындай учурлардын бири катары Иса Өмүркуловдун уулу катышкан, 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгын мисал тартсак болот.

Айтикеев А.: -Бул окуя боюнча ошол кезде айыптуу деп табылган Өмүрбек Осмонов 2010-жылдын 10-апрелинде белгисиз бирөөлөр тарабынан бычакталып жана муунтулуп өлтүрүлгөн. Бул окуя Сиз тарабынан негизги күбөнүн көзүн тазалоо үчүн жасалган деген шектенүүлөр көп эле жолу айтылды. Бул боюнча пикириңиз кандай?

Бакиев Ж.С.: –Билбейм муну ким жасаганын. Балким ал жерде кандайдыр бир разборка болгондур. Бирок 2010-жылдын 7-апрелине чейин Өмүрбек Осмонов тирүү болучу. Мына ушул жерден эле анын өлүмүнүн кимге зарыл болгонун аныктап алса болот.

Айтикеев А.: -Ушул окуя орун алгандан көп өтпөй ошол кездеги оппозиционер Э. Каптагаев “Кандуу жол” аттуу каймана китеп жазып элге тымызын тараткандыгы кийин белгилүү болду. Ошол кезде Каптагаев үйүнүн жанынан уурдалып кетип ээн талаада катуу сабалган. Буга кандай карайсыз?

Бакиев Ж.С.: –Каптагаев бул кылмышты өзү жасагандай сценарий ойлоп тапкан. Каптагаевди мен таптакыр тааныбайм, жолукканда эмесмин. Балким анын өзүнүн кимдир бирөө менен проблемасы болгондур. Мүмкүн кимдир бирөө менен анын кандайдыр бир мамилеси болгондур. Мен муну билбейм. Эч кимге мындай буйрук берген эмесмин.

Айтикеев А.: -2009-жылы “Респортер Бишкек” гезитинин журналисти Сыргак Абдылдаевге карата кол салуу болуп, ал оор абалда ооруканага түшүп, кийин Швецияга барып башпаанек алган. Бул кол салуу боюнча ИИМ ГУУРдун мурдагы башчысы, элита чөйрөсүндө Пармаш деген каймана ат менен белгилүү Бакыт Парманкуловго айып тагылган. Бул ишке да Сиздин тиешеңиз бар экенин боолголоп жатышат. Себеби, 2010-жылы жарыяланган Максим Бакиев экөөңүздөрдүн сүйлөшүүңүздөр камтылган аудиозаписте “Пармаш” деген сөз бир нече жолу кайталанган. Буга эмне дейсиз?

Бакиев Ж.С.: –Өзүңөр жакшы билгендей, Кыргызстанда кимдир бирөөнү сабап кетсе дароо мени күнөөлөшөт. Биринчиден, мен Сыргак Абдылдаевди билбейм жана билгим да келбейт. Ал тилинде калбыры жок журналист. Ал дайыма тааныган адамга деле, тааныбаган адамдарга деле күйөөсү бар аялдар менен жолугуп жүргөнүн, кантип аны менен жолукканын, кандай нерселерди жасаганын толугу менен айтып мактана берчү экен. Балким кимдир бирөөлөр менен проблемасы болгондур, бирок мени менен эмес. Балким кайсы бир кызганчаак күйөөлөрдүн бири андан өч алгандыр. Эми ушул иш боюнча да мени сыртымдан соттошту. Сот болуп жаткан жерден бирөө айтсынчы, менин кимдир бирөөлөргө аны уруп-сабоо, бычактоо боюнча буйрук бергенимди. Ошондо мен жооп берем.

Негизи эле ушул сыртынан соттоо процедурасынын өзү мыйзамсыз жана эл аралык нормаларга каршы келет. Анткени эч кандай сурагы, далили жок эле сыртынан соттоп коюп жатышат. Керек болсо мындай ыкма эң артта калган Африка мамлекеттеринде дагы колдонулбайт.

Айтикеев А.: -2009-жылы Медет Садыркуловдун өлүмүнөн туура 1 ай өткөндөн кийин, тагыраагы 14-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиев белгисиз бирөө тарабынан атып өлтүрүлгөн. Бул боюнча “Санжар Жаныш Бакиевдин Садыркуловду өлтүрүү боюнча заказын аткарбай койгондугу үчүн өлтүрүлдү”деген сөз айтылып жүрөт…

Бакиев Ж.С.: –Менин Санжар Кадыралиев менен ага-ини экенимди, экөөбүздүн бир туугандай мамилебиз болгондугун баары эле билишет. Мен аны тескерисинче колдон келишинче колдоп келгем.

Эми буга менин тиешем бар деген сөздүн өзү акмакчылык. Бул иште да аны ким өлтүргөнү белгилүү.

Санжар Кыдыралиевди Алтынбек Итибаев жана Мурас Мамашев өлтүргөн. Баарынан кызыгы, экөө тең өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Бирок анын кандайча кийин эркиндикке чыгып кеткени дагы көп шектенүүлөрдү жаратат. Бул нерсенин өзү коррупциянын жогорудан ылдый карай кеткенин айтып жатат. Кийинчерээк Итибаев кайра түрмөгө түшөт. Ал жерден да жөн жатпай СИЗОнун кызматкерлерин өлтүрүп, качып кетти. Эгер бул адам өлтүрүүгө менин буйрук бергендигим анык болсо, бул дароо эле билинмек. Баары билишет, зоналардын өзүнүн жазылбаган мыйзамдары болот. Мындай кылмыштар боюнча ал жерде жазалоонун сапаты жана тездиги боюнчамилицияныкынан айырмаланган “териштирүүлөрү” болот.

Адилет, мына ошол учурда азыркы бийликте турган оппозиционерлер эл арасында мени монстр кылууга аракеттенишкен. Ошондуктан Курманбек Бакиев жакшы иштеп, жакшы натыйжаларды көрсөтүп жаткан. Оппозиционерлерге шылтоолор калбай бараткан. Анткени аларга биз тууралуу жаман аура түзүү максат болгон. Мен тууралуу бул оппозиционерлер ойго келбеген ушактарды ойлоп таап, эл арасына таратышкан.

Бир жолу мага Минскке бир бизнесмен жакшы идеялары менен келди. Мен ага айттым: “Эмне үчүн мурда биз Бишкекте турганда келген жоксуң, сенде жакшы долбоорлор бар экен, элге, мамлекетке абдан чоң пайда алып келет эле десем ал айтат: “Байке, мага айтышты, Сизге киргенде кокус жакпай калсам пистолетти алып туруп ошол жерден атып салат” деп. Көрдүңүзбү, алар искусственно кандай имиштерди, жоромолдорду ойлоп табышкан.

Айтикеев А.: -Сиздин агаңыз Курманбек Бакиев Жалал-Абадда турганда бир нече жолу 7-апрель боюнча өзүнүн кабинетине ок атылганын айткан. Кийин анын айтканын укук коргоочу Токтайым Үмөталиева дагы кайталап айтып чыкты. Бул боюнча СГОнун башчысы катары Сизде кандай маалыматтар бар?

Бакиев Ж.С.: -Эми 7-апрель боюнча бир аз айта кетейин.

2010-жылдын 7-апрелинде Мамлекеттик Күзөт кызматын жетектеген адам катары абдан тыкыр даярдалган, үйрөтүлгөн, экипировкалык курал-жарактар менен куралданган адамдардын тобу Кыргыз Республикасынын президенти, анын аппараты толугу менен жана өкмөт үйүнүн кызматкерлери жайгашкан №1 объектке кол салып кириши мен үчүн абдан күтүүсүз болду. Эгер эсиңиздерде болсо, 2005-жылдан баштап Кыргызстанда канчалаган митинг-пикеттер болду. Ал жерде аксакалдар, аялдар катышчу, бийлик массалык акцияларда коопсуздук жана тартипти камсыз кылчу. Ии баса, Сиз 6-апрелде башталган окуялар боюнча журналисттик иликтөөнү окудуңузбу? Мен жакында Ырысбек Өмүрзаковдун “Жетинчи апрель жана кандуу июнь окуялары журналисттин көзү менен” аттуу китебин окуп чыктым. Ал жерде баары так жазылган. Эң башкысы сөз менен эмес, фактылар менен. Ал жерде эксперттердин, митингчилердин тергөө протоколдору,  соттук-медициналык корутундулар, таблицалар, сүрөттөр, түшүнүк каттар ж.б. тиркелген. Мындайча айтканда бул иликтөөнү мындай секреттик материалдарды алганга мүмкүнчүлүгү жок журналист жүргүзүп жатат. Сизге ошол китепти окуп чыгууну сунуштайм. Ал жерде бардык суроолорго так жооптор берилген.Ал эми атууга ким команда бергени боюнча айтайын.

Мен аскер адамымын. Сөздүн адамымын. Ар дайым өзүмдүн сөздөрүмө жооп бере алам. 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйгө топтошкон куралчан адамдар тарабынан куралдуу чабуул жасалды. Жөнөкөй сөз менен айтканда, колунда куралы бар адамдар өлкөдөгү эң башкы стратегиялык объектиге кол салганы келишти. Форумдун жанынан төңкөрүшчүлөр ИИМ академиясынын курсанттарына граната ыргытышты. Кийинчерээк Ак үйдүн темир коргонуна жетпей борбордук желектин жанындагы милиция кызматкерлерине граната ыргытышты. Аянттагы укук корго органдарынын кызматкерлерин чала жан кылып сабашты. Менин билишимче 7-апрель күнү 14:00 дө Президент Курманбек Бакиев “Өзгөчө абал киргизүү” тууралуу Указга кол койду. Эң алгачкы ок атуу митингчилер тараптан башталып, андан Улуттук Гвардиянын бир нече кызматкерлери жаракат алышты. Президенттин кабинетине атайын мээленген ок атуулар болду. Алар жүк ташуучу машинелердин жардамы менен Ак үйдү штурмга алууга аракеттеништи.

Албетте, мен мындай кырдаалда Мамлекеттик Күзөт кызматынын төрагасы катары өз милдетимди аткардым. Мен бир нерсени ойлоп таап айтып жаткан жокмун, бул тууралуу Жалал-Абадда жүргөндө да айткам, азыр да айтам: “Мен Ак үйгө курал менен кол салгандарга, Ак үйгө чоң колибрдүү пулемет менен ок атып жаткан БТРдин үстүндөгүлөргө, ошондой эле Ак үйдүн коргонун сүзүп кирүүгө аракеттенген жүк ташуучу машинелердин дөңгөлөктөрүнө ок атууга буйрук бергем”. А тынч жүргөн жарандарга ок атуу боюнча буйрук берилген эмес. Жана мен кимдир бирөөнүн астында актанууга аракеттенип жатканым жок. Мен жана Ак үйдү коргогон кызматкерлер баарын мыйзам чегинде, Башмыйзамдын чегинде жасадык. Баары ошол кездеги Мамлекеттик Күзөт кызматы, “Альфа”, милиция жана башка укук коргоо органдарын теске салган мыйзамдардын негизинде жасалган. Бүгүн деле кайтарууда жүргөндөр эч кандай буйруксуз эле курал колдонууга акысы бар. Бул мектеп окуучусуна деле түшүнүктүү. Мен ар бир деталына токтолгум келбейт, анткени алар жетиштүү эле чагылдырылды. Ошол күнү мен эмнеден улам ката кетиргеним,  мамлекеттин жогорку жетекчилиги эмнеден ката кетиргени көп эле айтылып, жазылып келе жатат. Мен кимдир бирөөлөрдү талкууга алып, президенттин, премьер-министрдин жана башка ошол кезде Ак үйдө болгонордун кемчилигин айткым келбейт. Мен өзүмдүн аракеттерим боюнча гана айткым келип жатат. Ошол күнү телеканалдар аркылуу абдан күчтүү маалыматтык чабуулдар жасалды. Андан тышкары башка мамлекеттердин эң башкы каналдары саат сайын теледен өлүктөрдү, жарадарларды жана Таласта сабалган ИИМ министри Молдомуса Конгантиевди көрсөтүшүп, ошону менен Ак үйдү кайтарган өздүк курамга психологиялык-моралдык басым жасашты. 2010-жылдын 7-апрелинде мен тарабынан Өкмөт үйүнө чабуул жасаган куралчан адамдарды атууга буйрук бергем. Эгер бул нерсе кылмыш болсо, анда мен жооп берүүгө даярмын. Бирок бүгүн мына ушунун баарын жасалма көбөйтүп, кылмыштуу жол менен өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып жаткан “убактылуу окмот” жана алардын чөнтөк сотторунун алдында эмес. Анткени бул окуялар болуп жатканда биз Жалал-Абадка кетип калганбыз. Менин эсимде, премьер-министр Данияр Үсөновдун жана башкалардын көшөрүүсү менен президент Ошко учуп кетти. Кийинки күнү ал жакка өкмөт курамы менен депутаттар бармак. Бул аракет туура же туура эмес болгонун айта албайм. Тилекке каршы, ошол күнү мына ушундай чечим кабыл алынып, болбоого тийиш болгон окуялар болуп кетти. Болжолу менен кечки 22:00 чамасында “убактылуу окмот” менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин өздөрүн иш үстүндөгү бийлик катары жарыялашканын, менин жана Бакыт Калыевдин кызматтарыбыздан бошотулганыбызды жана колго түшүп берүүбүздү талап кылганнын Данияр Үсөнов айтып келди.  Ал эми калгандары бош жүрө берсе болот дешти. Мындан тышкары премьер-министр Данияр Үсөнов отставка бергенин айтты. Андан кийин биздин Ак үйдө кылаар ишибиз деле калган жок. Ак үйдө президент жок, премьер-министр отставка берди, баары кетишти. Кимди коргойбуз? Эми бизге чечим кабыл алыш эле калды. Андан кийин мен Бакыт Калыев менен кеңештим да, биз Ак үйдү таштап чыгып кетүүнү чечтик.

Мына ушул жерден мен өзүмдүн Мамлекеттик Күзөт кызматында иштеген кызматкерлеримден, ИИМдин кызматкерлеринен, УКМКнын кызматкерлеринен, Улуттук Гвардиянын кызматкерлеринен, жана тагдырдын татаал толкунуна таштап кеткен кызматкерлеримден кечирим сурайм. Ошондой эле Кыргызстандын элинен ошол кездеги мамлекеттк төңкөрүштү токтото албаганым үчүн, “убактылуу окмотчулордун” бийликке келишине жол бергеним үчүн, ошонун арты менен “убактылуу окмотчулор” колу менен чагымчылыкка жол берилген 2010-жылдагы июнь коогалаңы үчүн кечирим сурайм.

Данияр Үсөновдун сөзүнөн кийин биз Бакыт Калыев экөөбүз Ак үйдүн имаратын таштап чыгып кеттик. Бул болжолу менен кечки 11лер чамасы болучу, биз машине менен түштүккө кеттик. Эртеси Курманбек Бакиев ал жакка келди. Андан ары баары кабардар болгондой уланды.

Ии баса, бизди “временщиктер” Интерполдун линиясы аркылуу издөөгө беришти. Бирок, Интерполдун Башкы секретариаты кат жөнөтүп, кылмыш иштеринин фабуласы Интерполдун Конституциясынын 3-беренесине туура келбей тургандыгын билдирип, баш тартышты. Анткени алар бизди саясий мотивдер менен күнөөлөшкөн.

Ак үйдүн алдында өлгөндөрдүн саны боюнча

Мен аскер адамымын жана так айтам. Бул жерде абдан тыкыр көз карандысыз иликтөө керек. Менимче ал жердеги былыктардын баары “временщиктер” бийликтен кеткенден кийин гана ачылат.

“Майдан”  гезитине берген маегинде экс-генпрокурор Байболов Ак үйдүн алдында 17 адам өлгөнүн айтты.

Баса, Байболов “временщиктер” аны 4 адамга “Адам өлтүрүүгө жардамдашуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоого мажбурлаганын айтып мойнуна албадыбы. Бул деген “временщиктер” мыйзамды уруп ойнобойт дегенди билдирет.

“Жалданма снайперлер» боюнча

Атамбаев кийинки күнү эле бүт дүйнөгө бир нече чет элдик жалданма снайперлер кармалганы тууралуу кыйкырып жар салбады беле? Кана алар? Атамбаевден сураш керек. Бул бийлик алмашканда көп нерселер ачыкка чыгат.

Ал эми менин чет элдик жалданма спайперлерди жалдап аттырганым боюнча айтып жүрүшпөйбү. Анын баары “временщиктердин” ойлоп тапканы.

Апрель соту боюнча

Адилет, Сиз билесиз, кайсыл гана билимдүү юрист болбосун, апрель окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдүн материалдарын толук карабай туруп ага баа бере алат. Анткени ал жерде мамлекеттик айыптоочулар тарабынан абдан чоң мыйзам бузуулар болгон.

Бул сот боюнча айта турган болсом, бийликтин сотторго катуу басым жасаганы алыстан эле көрүнүп турат. Алар жогорку жактын мыйзамсыз буйругун аткарып, канчалаган адамдарды мыйзамсыз соттошту. Келечекте алардын кетирген каталары өздөрүнө муш болот.

Ак үйдү коргогон көпчүлүк кызматкерлер адвокат жалдашкан жок. Сотто алар өздөрүн өздөрү коргошту. Анткени алар өздөрүнүн ак экенине бекем ишеништи.

Бул сот процесси 6 жылдан бери уланып жатат. Сот адилеттиги орномоюнча күнөөлүүлөр өздөрү бийлик башында отура беришет. Чындыгында алар темир тордун артында отура турган адамдар.
Эгер азыр Кыргызстанда адилеттүү сот болуп жатса мен барып өзүмдүн актыгымды далилдемекмин.

“Апрель окуясынын баатырлары” боюнча

Бул “баатырларды” мамлекеттик төңкөрүшкө катышканы үчүн эле соттош керек. Көрсө алардын ичинен 57 адам мурда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор экен. Төңкөрүштөн кийин алар кайрадан кылмыш жасап, ошонун арты менен соттолушуптур. Бул эми “революционерлерге” “штрих” болсун.

Айтикеев А.: -Эл арасында, коомчулукта, ММКларда 7-апрель күнү көп адамдар артынан атылган октон каза тапкандыгы айтылып жүрөт. Бирок Ала-Тоо аянтын, Ак үйдүн алдын курчаган имараттардын баары СГО тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, кайтарылып турган да. Эгерде кандайдыр бир башка күчтөр бул окуяга аралашып кеткен болсо, ал Сиз жетектеген СГОнун шалаакылыгы эмеспи?

Бакиев Ж.С.: –Бул боюнча көз карандысыз журналисттик иликтөө жүргүзүлгөн. Мына ошол журналисттик иликтөөлөр ар тараптан көз карандысыз эксперттердин пикирин чогултуп, ошол жердеги “баатырлардын” көпчүлүгү ар башка жерден, ар кандай курал-жарактардан каза болгону аныкталган. Экспертиза алардын октон каза болгонун аныктап жатат, бирок алар мергенчиликке ылйыкталган мылтыктардан өлгөндөр болуп жатпайбы. Ошондой эле алардын арасында ар кандай “мокок” инструменттерден каза тапкандар бар. Мисалы арматура, балта жана башка куралдар болушу мүмкүн. Бул куралдар Ак үйдү кайтарган күч органдарынын колдонуусундагы куралдар эмес. Мен мына жогорулагы фактыларга таянып, ишенимдүү айта алам, алар ар кандай талап-тоноолордон, башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу аракеттеринен улам каза болгондор. Көпчүлүгү автобекеттен, ЦУМдан, Токмоктон алынып келинген жана борбордук аянттан алынып келинди деп жазылган. Эч качан УКМК, Мамлекеттик Күзөт кызматы, ИИМ сыяктуу мекемелерде отун жаргычты курал катары колдонушпайт.

Айтикеев А.: -Эгерде чоң державанын атайын кызматтары, аскердик күчтөрү тымызын 7-апрелдеги окуяга аралашкан болсо, анда бул тууралуу Сиздерге алдын-ала оперативдик маалыматтар түшкөн жок беле? Себеп дегенде УКМК төрагасынын жанында иниңиз Марат Бакиев, ал эми Мамекеттик Күзөт Кызматынын башчысы болуп Сиз отургансыздар да…

Бакиев Ж.С.: Албетте, колдо далил жок туруп мен генерал катары кимдир бирөөнү айыптоого акым жок. Бирок анализ жасап отуруп бул жерде бир чоң державанын атайын кызматы аралашканын баамдаса болот. Баарына белгилүү, “Ганси” авиабазасы боюнча Кыргызстандын жетекчилиги чечим кабыл алгандан кийин Россия тарап бул чечимге өтө нааразы болгон. Менимче алар өздөрүнүн нааразылыгын айтууга акысы бар. Анткени президент Курманбек Бакиев Москвага барып, алар менен кол алышып, келишимге кол коюп келген. Ал эми Макс (Максим Бакиевди айтып жатат-ред.) болсо атасына “Ганси” авиабазасынын статусун алмаштырып, өзүн калтырып коюуну сунуштаган. Албетете бул Россия тарабынан абдан терс кабыл алынды. Андан кийин массалык түрдө Кыргызстанга маалыматтык чабуул башталды. Кыргызстандагы болуп жаткан нерсенин баарын алар тескери чагылдырып, тескери баа берип жатышты. Оппозиция болсо муну мыйзамдуу президент Курманбек Бакиевдин бийлигин кулатуу чакырыгы катары кабылдады.

Ал эми куралдуу төңкөрүш боюнча оперативдик маалыматтар боюнча менин жеке пикиримде ооба, катачылык болду. ИИМ жана УКМК тарабынан чоң жаңылыштык, кенебестик орун алды. УКМКны Мурат Суталинов жетектеди. Абдан мыкты, такшалган адис, ИИМдин кызматкери, министр катары жакшы иштеди. Эффективдүү жана таза иштеди. Мен аны урматтайм. Бирок УКМКнын өзүнүн бир башкача спецификасы бар экен. Анын жанында Курманбек Бакиевдин баласы Марат иштеди. Менимче алар көп ката кетиришти. Анткени алар алдын-алуу, профилактикалык иш-чараларды жасашкан жок. Түшүп жаткан маалыматтардан жакшы анализ жасашкан жок. Ошондой эле ИИМди алалы. Алар деле эл арасында көп жүрүшөт, аралашат. Эл менен бирге иштешет. Оппозицияны теңине албоо, өзүнө-өзү ишенүү, каршылаштарды олуттуу каршылаш катары көрбөй коюу көп болду. Натыйжада, тышкы күчтөрдүн жардамы менен мамлекеттик төңкөрүш болду.

Айтикеев А.: -Жалал-Абад шаарында элдин курчоосунда турган агаңыз Курманбек Бакиев бир нече президенттердин, БУУнун Баш катчысынын кийлигишүүсү менен Кыргызстандан сыртка чыгып кеткенден кийин Сиз ошол жерде жүргөн УКМК төрага орун басары Артур Медетбековго: “Эртең менен агамды узаткандан кийин өз эрким менен колго түшүп берем” деп убада берип, бирок качып кеткениңизди ал киши ачыкайтып жүрөт. Ушулчынбы?

Бакиев Ж.С.: –Жалал-Абадда абал аябай чыңалып турду. Биз болсо президентти, өзүбүздү жана айылды коргоого даяр болуп турганбыз. Анан эле “Убактылуу Өкмөт” аталган топтун атынан Артур Медетбеков келди эле, ага Курманбек Салиевич суроо берди, “Колуңарда кандай ыйгарым укугуңар бар? Силер кимсиңер?” деп. Ал суроого жооп бере албай кетип калды. Кийинки күнү атайын кагаз көтөрүп келди да, “Убактылуу Өкмөттүн” атынан сүйлөшүүгө жөнөтүлгөнүн айтты. Сүйлөшүү жүргүздү. Президентти узаткандан кийин ал мага кайрылды: “Жаныш Салиевич, колго түшүңүз” деп. Мен ага айттым, эртеңкиге чейин ойлоноюн деп. Бирок мен ага “эртең колго түшүп берем” деп айткан эмесмин. Мен баарын унута элекмин. Өзүнүн бир интервьюсунда ал мени мас абалымда көргөнүн айтыптыр. Балким ага ошондой көрүнсө керек да. анын ушундай бай фантазиясы бар. Ал учурда арак иче турган абал эмес болучу. Мен так айтып коеюн, мен эч кимге колго түшүп берем деп эч качан сөз берген эмесмин. Бардык адамдар, кызматкерлер мен эгерде бирөөгө сөз берсем аны сөзсүз аткараарымды билишет. Артурга мен андай сөз берген эмесмин. Ал калп айтып жатат.

Айтикеев А.: -2015-жылдын февраль айында Минск калаасында Кыргызстандын кримавторитет, “Алманбет Алайский” деген каймана аты бар Алманбет Анапияев өлтүрүлгөн. Бул боюнча Кыргызстанга капысынан Москва шаарынан учуп келип, “ИИМге өзү келди” деп айтылып жүргөн Гүлжигит Абилазизов Сизге окшош адам жана дагы 2 адам Анапияев менен жолугууга келип, натыйжада Анапияев өлтүрүлгөнүн тергөө органдарына айтып берген. Бирок кыргыз коомчулугу бул версияга Президент Атамбаев баш болуп дароо реакция жасап, Кыргыз Тышкы иштер министрлиги Белорус тарапка доомат койгондугуна карабай анчейин ишенген жок. Ошондой эле ИИМдин жогорку кызмат адамдары жана айрым кызматкерлери Абилазизов менен бирге учуп келишкендиги, Москва шаарынын Домодедово аэропортунда алардын Абилазизовду коштоп жүрүшкөнүн тастыктаган фотоматериалдар интернетке жарыяланды. Бул боюнча эмнелерди айтат элеңиз?

Бакиев Ж.С.: –Биздин досубуз Атамбаев Алмас эч эле тынч отура албай койду. Эми 2015-жылы дагы бизди Минскиде адам өлтүрдү деп айыптап чыкты. 2015-жылдын февралында Алманбет Анапияев өлтүрүлдү. Баарынан кызыгы, киши өлтүргүч Гүлжигит Абилазизов бир нече күндөн кийин Бишкекте пайда болуп жатат. Аны ал жакта дароо эле ГУБОПиК коргоого алып баштады. Ал адам өлтүрүүгө мени, Айбек Абдразаковду жана Рустам Сайдуевди айыптап көрсөтмө берди.

АтамбаевАлмас болсо соттун жыйынтыгын күтпөй, жада калса тергөө баштала электе эле мени “күнөөлүү” кылып салды. Ал базардагы араккеч аялдардай эле “Бакиевдердин кан ичкич экенин, адам өлтүргүч экенин аныкташ үчүн дагы эмне керек?” деп кыйкырып чыкты.

Мага Атамбаев мырзанын позициясы түшүнүксүз болуп жатат. Аны президент деп айтканга тил бурулбай жатат. Анын деңгээли шаардык водоканалдын бригадиринин деңгээлинен, жада калса андан да төмөн.

Мен эч түшүнсүн үчүн айтып койгум келет, биринчиден бул кылмышты мен жасаган эмесмин. Экинчиден Минскте жатып алып кылмыш жасаш үчүн өтө эле келесоо болуш керек. Андай кадамга барыш үчүн Атамбаевдей шизик болуш керек. Геббельс айткандай: “Канчалык коркунучтуу калп болсо, адамдар тезирээк ишенет”. Кыргыздын Геббельстери А. Сегизбаев менен Ф. Ниязов. Бирок аларды минтип алдай тургандай эл анчалык макоо эмес да. кээде алдоо менен калп бир аз да болсо чындыкка окшош болушу керек да. Беларустун милициясы, Тергөө Комитети иликтөө жүргүзүштү. Алар Турганбаевдин милиционерлериндей иштешпейт. Алар абдан таза, ачык, бардык техникалык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен, далилдерди чогултуучу жаңы технологияны колдонуу менен иштешет. Көчөдөгү видеокамералардагы видеолорго чейин чогултушуп, Турганбаевдин сценарийи менен мени “таанып”, мага каршы көрсөтмө берген, Анапияевди өлтүргөн Гүлжигит Абилазизовдун кыймыл аракеттеринен бери чогултушуптур. Ошондой эле Беларустун Тергөө комитети Гүлжигит Абилазизовдун Анапияевди өлтүрүүгө тиешеси бар экенин тастыктаган жетиштүү материалдарды да алынган. Ошондой эле кылмыш жасалган куралдар чогултулган. Учурда Абилазизов жана аны менен чогуу кылмыш кылган 2 адам издөөгө берилген.

Беларустагы май куюучу жайлардын биринде Гүлжигит Абилазизов эки адам өлтүргүч менен бирге ыраматылык Анапияевдин сөөгүн алып чыгып жаткан видео дагы бар. Андан кийин алар кантип Москвага жеткени, ал жерден да кантип видеого түшкөндөрү, мунун баары Кыргызстандын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Ал эми Кыргызстандын ИИМи болсо оозуна талкан сугунуп алгансып унчукпайт. Анткени алар бул өлтүрүүгө өздөрү аралашкан. Алманбет Анапияевди ким өлтүрдү? Биз билебиз, аны Мелис Турганбаев, Өмүрбек Текебаев, Жанышбек Гаипов (Гүлжигит Абилазизовдун тууганы)жана үч аткаруучулар жасашкан.

Атамбаев болсо карыган ашпозчудан бетер анын бир тууганын өлтүрүп коюшкандай кыйкырып чыкты. Жыл сайын Кыргызстанга Россиядан “Груз-200” келет. Бул болжолу менен 250дой алыста өлтүрүлгөн Кыргызстандын жарандары. Атамбаев бул өлтүрүүлөр боюнча бир дагы жолу билдирүү жасаган жок. Ал эми Анапияев боюнча ал дүйнөгө жар салып кыйкырып жатат. Бул анын деңгээлин айтып турат.

Адилет, Сиз Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан сурап көрсөңүз болот Беларустан келген кылмыш ишинин материалдары боюнча.

Айтикеев А.: -Алманбет Анапияев менен кандай мамилеңиз бар эле?

Бакиев Ж.С.: –Ооба мен жашырбайм, ал Минскке өзү жетектеген Эл аралык “Алыш” бел боо күрөшү федерациясынын иши боюнча достору менен бир нече жолу келген.

Бир канча жолу ал экөөбүз Кыргызстандык катары, жердеш катары ар кандай теманы талкуулаганбыз. Ал гана эмес, башка келген адамдар менен деле кезигип сүйлөшүп турам.

Айтикеев А.: -Ушул жерден суроо туулат. Мелис Турганбаев менен кандай эрегиштигиңиздер бар? Себеби Турганбаев Сизге каршы кандайдыр бирөчү бардай сезилет. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, учурунда Турганбаев Сиз тарабынан куугунтукка алынган дешет…

Бакиев Ж.С.: –Тургабаев боюнча менин эч кандай мамилем болгон эмес. Болгону ал кайсы бир учурда кыз зордуктаган. Ал камалышы керек болучу. Бирок бул жерде да Максим аттуу жаш жигит аралашкан. Мамилеси кандай билбейм, бирок атасын көндүрүп, анын эч кандай күнөөсү жок экенине ишендирип, натыйжада Турганбаевжеңил кутулган. А негизи ал түрмөдө отурушу керек эле. Ал өзүн Ал озуно атайын уюштурулган нерсе деп журот этишкенин айтып жүрөт. Эми элестетсеңиз, аны бирөө арак ичкенге, кыз зордуктаганга мажбурлайбы? Кайра эле маразм. Кошумчалап кетким келет, Турганбаев сыяктуулар ИИМ системасына 100 жылда бир келет. Буга чейин көптөгөн министрлер болгон, бирок Турганбаевдей адам министр болгон эмес. Ал ИИМ системасын уят кыла турган адамдардын бири. Учурда анын Кыргызстандагы наркомафияны жетектегени эч кимге жашыруун эмес. Эгер мурда кимдир бирөө крышевать этсе, азыр Турганбаев өзү жетектейт.

Мелис Турганбаев менен Максим (фамилиясын атабай эле коеюн, ал аны уят кылат)бири бирине аябай окшош. Экөө тең өтө эле ач көз жана чөөлөрдөй коркок. Турганбаевдн ишке кантип барганын билем. Аны ИИМдин спецназынын 12 кызматкери кайтарат. Максим дагы ушундай коркок болучу. Булар өмүр бою Салтыков-Щедрин айтмакчы “Жашап жатып да калтырайт, өлгөндө да калтырайт”

Айтикеев А.: -Жаныбек Салиевич, агаңыз бийликте турган жылдарда Кыргызстандагы эң таасирдүү адамдардын көч башында тургандыгыңыз белгилүү. 2008-жылы саясатчы Азимбек Бекназаров “Де-факто” гезитине берген бир маегинде: “Баарыңар чемоданыңарды көтөрүп алып Жаныштын офисин айланчыктап жүргөндөн уялбайсыңарбы?” деп агынан жарылган. Жашыруун болбосо Сизге кулдук уруп жүгүнүп жүргөн таасирдүү саясатчылардын аттарын атап бербейсизби?

Бакиев Ж.С.: –Биринчиден, Азимбек Бекназаров өзү анык паракор.

Мен жашырбайм, мага офиске ар кандай адамдар келишчү. Жетекчилерден баштап жетекчилер, журналисттер, Бейөкмөт уюмда иштегендер, кыскасы ар кандай категориядагы адамдар келишчү. Менде ким менен жолукканым, ким менен сүйлөшкөнүм боюнча жазуулар толук бар. Бекназаровдун айткандарынын баары куру сөз. Факты менен айтыш керек. ИИМдин жана башка структуралардын бир дагы кызматкери мага пара бергендиги боюнча бир дагы доомат кое албайт.

Тескерисинче мен башкаларга берчүмүн. “Тартип жана коопсуздук”, Жусупбек Бакиев атындагы фонддордун жетекчиси болуп турганда мен тескерисинче баарына жардам бергенмин.

Биринчи фонд бул-Жусупбек Бакиев атындагы фонд, ал эми экинчиси “Тартип жана коопсуздук” фонду.

Биринчи фонд гуманитардык тармакта категориясына карабай баарына жардам берчү. Бала бакчасы болобу, балдар үйү болобу, карылар үйү болобу, ооруканабы, же маданият тармагыбы, айтор баарына жардам берчүбүз. Тоолуу райондордогу мектептерде иштеген жаш мугалимдерге чейин жардам берчүбүз. Ошондой эле канчалаган оорулууларга  операцияларды жасаганга жардам бердик. Жаш таланттарды, спортчуларды чет өлкөгө ар кандай конкурстарга жиберчүбүз.

Ал эми экинчи фон күч структураларына жардам берчү. Бир жолу жаңылыктардан окуп калдым, Атамбаев тээ мурда биз эки ирет 1 миллион сомдук жардам көрсөткөн Баткен облустук ИИБ имаратын ачып жатканын. Ошондой эле кайсы бир биз жардам берген жатаканабы, же үйбү айтор ошонун ачылышын жасап жатат. Тим эле өзүнүн чөнтөгүнөн жардам бергендей сүйлөп жатат. Мындан тышкары бир топ иштер жасалган. Жыл сайын ИИМдин жана башка күч структураларынын кызмат учурунда каза болгон кызматкерлеринин балдарын жыл сайын Ысык-Көлгө алып барып эс алдырчубуз. Ошондой эле аларды келишим боюнча Москвага Кремлдин балаты майрамына жөнөтчүбүз. Спорттук комплекстерди курууга көп каражат жумшадык. Негизинен ИИМден түшкөн өтүнүчтөргө көбүрөөк басым жасадык. Анткени ИИМ көп адам иштеген структура. Биз иштеп тапкан абдан көп сумма каражаттар мына ушундай долбоорлорго жумшалды. Биз кээ бир лерге окшоп Түркияга бизнесибизди чыгарып кеткен жокпуз. Тапканыбызды Кыргызстанга жумшадык. Бир да сом акчага мен чет өлкөгө дача же особняк курган жокмун.

Айтикеев А.: -Учурунда Сиздин айланаңызда кызмат кылып, бүгүн Атамбаевди айга-күнгө теңеп кызмат кылып жаткан саясатчылардын аттарын атай аласызбы? Булардын арасынан өтө катуу саткынчылыкка баргандар кимдер?

Бакиев Ж.С.: Убагында биздин айланабызда айланып-тегеренип, бизге эч кимди жолотпой жүргөндөр бүгүн Атамбаевди тегеректеп жүрүшөт. Мындайлар көп. Чынын айканда мен алардын аттарын атагым келген эмес. Бирок айтпай койгонго болбой турган адамдардын категориясы бар. Алардын бири Токон Мамытов. Ал убагында Акаевди сатып, 2004-жылы оппозициянын штабына маалымат ташып жүргөн. Ал (Мамытов) абдан ийкемдүү адам. Биз генералдар бир жылда эки-үч жолу чогулуп турчубуз. Мына ошол жерде Курманбек Бакиевди айга-күнгө теңеп, аны “Элдердин жол башчысы” деп аябай мактачу. Бирок эң биринчилерден болуп Бакиевди саткандардын көч башы ушул киши. Жөн гана сатпай, жамандап да жүрдү.

КурманбекБакиевБакытАлымбековго генералдык чин берди. Ал болсо 7-апрелден кийин дароо “временщиктерге” чуркап барып “ак кызмат” өтөй баштады. Бул категориядагы адамдар үчүн эч кандай баалуулук жок. Булардын болгон баалуулугу саткынчылык. Эртең биринчилерден болуп Атамбаевди сатып, аны жамандап башташат. Мындан тышкары да бир катар адамдар бар. Мен алардын аттарын атабай эле коеюн. Бир убакыт келет, мен алар менен жекеме-жеке сүйлөшөм. Азыр айтпай эле турайын. Мен аларды туура түшүнөм, алардын үй-бүлөсү бар, аларды багыш керек дегендей.

Айтикеев А.: – Учурда Атамбаевге кызмат кылып жүргөн Аалы Карашев, Айтмамат Кадырбаев, Сүйүн Өмүрзаков, Тайырбек Сарпашев, Канат Исаев, Талант Исаев, Раим Матраимов, Курсан Асанов сыяктуу чиновниктер тууралуу кандай пикирдесиз?

Бакиев Ж.С.: –Бүгүн Атамбаевдин айланасында иштеп, өкмөттөгү жетекчи орундарда иштеп жүргөндөрдүн кээ бирлерин мактап, башкаларын жамандаганым туура эмес. Алардын арасында дагы түз жүргөндөр бар. Ал эми Бакиевдин убагында кошомат кылып жүргөн арсыз адамдар азыр деле ошондой. Мага Чыныбай Турсунбеков, Азамат Арапбаев сыяктуу учурда Атамбаевдин КСДПсында активдүү иштеп жаткан адамдар көп келчү. Ошондой эле Жалил Атамбаев, Раим Матраимов, Жусубали Төрөмаматов, Салайдин Авазов, Туманов Келдибек, Туманов Токтогул, Аалы Карашев сыяктуу убагында биздин айланабызда айланчыктап, азыр Атамбаевди тегеректеп жүргөн адамдарды да айтып коеюн. Качан мен Кыргызстанга барганда бетине карап туруп кимдер бизди сатканын ачык айтып берем. Менимче уундай кылган туура болот.

Атамбаевдин кадрдык саясатына аябай таң калам. Кантип ушул Жусубали Төрөмаматов сыяктууларды губернатор кылып дайындайт? Анын деңгээли кичинекей бир райондун финполициясынын начальнигинин деңгээлине, тажрыйбасына барабар.

Айтикеев А.: -Агаңыз президент болгондон кийин Сизден башка дагы бир туугандарыңыз мамлекеттик постторду ээлешти. Маратбек Бакиев Германияга элчи, Адыл Бакиев ТИМдин кеңешчиси болуп иштеди. Ал эми агаңыздын уулдары Максим жана Марат Бакиевдер дагы бири ЦАРИИнин жетекчиси болсо, экинчиси 2005-жылдан тартып УКМКнын төрагасынын өзгөчө статусу бар жардамчысы болуп жүрдү. Ал эми Сиз УКМКнын төрага орун басары, СГОнун башчысы болуп иштедиңиз. Бул үй-бүлөлүк башкаруу эмеспи?

Бакиев Ж.С.: –КурманбекБакиев президент болгондо биздин алдыбызда мындан ары кантип иштейбиз, эмне кылабыз деген суроо турду. Сиз Маратбек Салиевич боюнча сурадыңыз. Ал керек болсо Акаев маалында дагы Соттук департаментти башкарган. Бул деген генералдык деңгээлдеги кызмат. Ал өзү бардык тепкичтерди басып өткөн.

– Адыл Салиевич болсо жетиштүү деңгээлдеги тажрыйбасы бар адам. Советтик мезгилде эле бизнес жасачу. Көп жерде иштеди. Элдин арасында ар кандай кеп-сөздөр тарабашы үчүн агабыз бирин Германияга, экинчисин Кытайга жиберип туура кылды.

– Улуу агам Каныбек Салиевич – Акаев заманынан баштап эле айыл-өкмөт башчысы болуп ишдеди. 2 ирет альтернативдик жол менен шайланган.

– Акмат Салиевич – бизнесмен, Джалал-Абада шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

-Ал эми Максима жана Марата – өзүнчө кеп, өзгөчө тема. Бирок моюнга алыш керек, Марат Бакиев атасы президент болгонго чейин эле УКМКда иштечү. Баткен окуяларына катышкан. Ал тууралуу жаман нерсе айта албайм.

Максим боюнча болсо, Курманбек Салиевич ЦАРИИни түзгөндө аны жетекчи кылып дайындаганы чоң катачылык болду. Менимче ага аймактардан кайсы бир кызматтарды берип, такшалтып, жашоону түшүнгөндөй кылып иштетсе жакшы болмок. Тилекке каршы андай болгон жок. Бул анын катасы болду. Жаш жигит табигый түрдө өзүн Царь элестетип алды. Анын амбициялары, мага карата жек көрүү, ичи тардык менен мамиле кылганы, кыргызча айтканда ач көздүк болду. Максимдин көзүнө акчадан башка эч нерсе көрүнбөй калган. Ал менимче адамдарды караганда ар бир адам анын көзүнө доллар болуп көрүнсө керек. Мындайлар өлүп бара жатканда дагы табыт көтөргөн адамдын чөнтөгүнөн 3 сом уурдай кете турган адамдардын категориясына кирет.

Биз бир туугандар чогулуп Курманбек Салиевичке бир нече жолу айттык, Максимди тыйыңыз деп. Бул жигиттин чектен ашкан ач көздүгү боюнча башка адамдар тарабынан дагы канчалаган арыз-даттануулар болгон. Бир жолу байкебиз баласын Москвага Дипакадемияга окуп кел деп урушуп кетирип да жиберген. Ал жактан 2 ай окумуш болуп жүрүп кайра мурдагыдан да ашып-ташкан энергиясы менен кайтып келип, суук колун матырып баштады. Эң башкысы-биздин фамилияны уятка калтырды.

Айтикеев А.: –Президенттин уулу Максим Бакиев экөөңүздөрдүн ортоңуздарда кандайдыр бир таасир талашуу орун алып келгенин ошол убактагы саясатчылар азыр деле кеп кылып жүрүшөт. А түгүл айрымдары: “Мени Максим чакырып алып: “Мындан кийин Жаныш Салиевич менен эмес, бир гана мени менен иштейсиң” деп айламды кетирди” деп айтып калышчу. Чынэлеошондойтирешүүболду беле?

Бакиев Ж.С.: –Мен боюнча айтсам, Курманбек Салиевич күч структураларынын жетекчилерин, Башкы прокурорду чакырып алып менин эч бир өтүнүчүм канааттандырылбашын буйрук кылган. Бул боюнча мага ЭльмурзаСатыбалдиев менен МолдомусаКонгантиев айтып беришкен. Эльмурза айтты “Мен жигит катары айтып коюшум керек, президенттен мага ушундай буйрук болду. Муну айтиып койбосом болбойт” деп. Муну Молдомуса дагы тастыктады. Буга Максим таасир эткен деп эсептейм. Ушундай эле буйрук премьер-министр Данияр Үсөновго, парламент спикери Зайнидин Курмановго да берилген.

Ар бир адам өз иши менен алектениши керек деп эсептейм. Мисалы мен мен Мамлекеттик Күзөт кызматынын төрагасы катары президентти премьер-министрди, Жогорку Кеңештин спикерин, Конституциялык Соттун төрагасын кайтарчумун. Андан башкага кийлигишкенге менин укугум да жок болучу.

ИИМ министри Молдомуса Конгантиев Максимдин кабылдамасында үч сааттап күтүп отурган учурлар болгон. Мен ага айттым: “Пацандын кабылдамасында ИИМдин генералы 3 саат жармашып отурганы уят эмеспи?” десем ал: “Эмне кылам, атасына айтып кызматтан алдырып салат да” деп жооп берди.

Бир сөз менен айтканда күч түзүмдөрүн акыркы жылы мен тейлебей калгам.

Курманбек Салиевич бир нече жолу бизге айткан: “Кадрдык маселелерге аралашпагыла, бизнеске тийишпегиле, саясатка киришпегиле” деп. Убакыт өтүп жыйынтык чыгарат экенсиң. Мен ойлойм, биз бир туугандар агабыз президент болгонго чейин эмнебиз бар эле, азыр эмнебиз калды, таразалап көрүш керек, эмне таап, эмне жоготконубузду.

Айтикеев А.: -Жаныбек Салиевич, Сиз Шон Дейлинин иши боюнча дагы өмүр бою кесилдиңиз. Бул боюнча эмне айта аласыз?

Бакиев Ж.С.: –Кыргыз Фемидасынын тарыхында Англия жараны Шон Дейлинин өмүрүнө кол салуу ишин иликтөө сыяктуу “шедевр” жарала элек болучу. Бул жерде биздин дүйнөдөгү эң “гумандуу” сот Бакиевдердин бүт үй-бүлөсүн соттоп жатышат. “Алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары аркылуу кылмыштуу кутумга барып, “белгисиз бирөөгө” бул кылмышты жасоону тапшырышкан” деп жазылат өкүмдө. Бул “белгисиз бирөө” 2006-жылы 7-июлда Шон Дейлиге “белгисиз куралдан” бир нече ирет ок чыгарыптыр. Дагы жакшы, Шон Дэйлинин өзү “аныкталыптыр”. Эгерде жалданма киши өлтүргүч табылбаса кылмыш кантип ачылат? Кантип ал кылмыш үчүн адамдарды соттосо болот?

Менимче дүйнөдөгү бир дагы сот жана тергөө органдары мынчалык маразмга жеткен эмес. Бул сот бийлигиндеги идиотизм болуп калды. Аларга “ашакалдар” тарабынан басым болуп жатканы түшүнүктүү. Бирок мындай манкурттук эч качан болгон эмес.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ММК аркылуу Шон Дейли мырзага кайрылам. Урматтуу Шон мырза, Сиз мага келиңиз, же адвокатыңызды жибериңиз. Мен Сизге болгон кол салуунун заказ берүүчүсү ким экенин айтып берем. М. Турганбаев керек болсо сиз жаап-жашырганы үчүн кылмыш ишин козгосо да болот.

Айтикеев А.: -2010-жылдагы июнь коогалаңы боюнча Сизге жана Сиздин жакындарыңыздын дарегине бир катар айыптоолорду айтып жүрүшөт. Чын эле тиешеңиз барбы?

Бакиев Ж.С.: –Мен дагы, менин жакындарым дагы бул ишке эч кандай тиешеси жок. Биз өлкөнү апрелдин орто чендеринде таштап чыгып кеткенбиз. Мен өзбектердин арасында өскөм. Биз жашаган көчөдө жалгыз эле кыргыз үй-бүлө биз болчубуз. Кадлганынын баары өзбектер эле. Бизде эч качан улуттар аралык тирешүү болгон эмес. Бизди бул кан төгүүгө айыптоо “временщиктер” үчүн сыймык да.

Ошол эле жылы «временщиктер» КиммоКильюнендин эл аралык комиссиясын чакырышты. Ал комиссия этегинде отчетун жарыялады. Андан кийин “временщиктер» Кильюненди персона нон грат деп жарыялашты.

ЖылдызканЖолдошеванын жетекчилигиндеги депутаттык комиссия иштеди.Бардык жыйынтыктар менен алганда 2010-жылдагы июнь коогалаңынын башкы күнөөкөрлөрү «временщиктер» экенин танууга болбойт.

Баары жакшы билишет ким уюштуруучу экенин. Азыркыга чейин эч ким жоопко тартыла элек. Өткөн жылы Өзбекстан президенти Ислам Каримов  дагы ООНдун Баш катчысы Пан Ги Мун менен жолукканда мына ушул маселени көтөрдү. Ал ачык эле «временщиктерди» күнөөлүү деп айтты.

Мындайча айтканда «временщиктер» өздөрү кылмыштын баарын жасап, этегинде колундагы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен бизди күнөөлүү кылганга аракеттенип, болгон жугундуну куюп жатышат.

Айтикеев А.: -Сиз башында балдарыңызга жасалма иш козголгонун айттыңыз эле, кеңири айтып берсеңиз. Ал эмне болгон кылмыш иштер?

Бакиев Ж.С.: – Мен окурмандардын көңүлүн бургум келет, мен аларды дайыма “АШАкал” деп атап жүрөм. Андан башка буларды эмне деп атаса болот? Чоону чоо деп эле айтыш керек. Атамбаевге кайрылат элем, эгер ал чыныгы эркек болсо, мага кандайдыр бир таарынычтары болсо мени менен соттошсун, мени менен чабышсын, мени менен дуэлге чыксын алынын жетишинче. Бирок качан балдарга асылып баштаганда ал адамдын эч кандай намысы, ары, абийири жоктугун билдирет. Негизи эле 100 пайыз ишеннем, бул«временщиктерде» намыс да, ар да жок. Мейли бул эмоция болсун. Бирок чындыгында эле ушундай. Менин 3 уулума кылмыш ишин козгошуп, Интерполго беришти. Же Интерполдун Жаныш Бакиевдин уулдарын издегенден башка жумушу жокпу? Беларуска келгенден бери үч неберем төрөлдү. Балким Атамбаев мырза аларды да Интерполго берет чыгаар?

Улуу уулум Искендер Бакиев, прокуратурада 2 жыл иштеп, в 2007-жылы ал жактан кетип, Россиядагы мигранттардын укугун коргогон юридикалык компанияга ишке кирген. 7-апрелден кийин ага дагы кылмыш ишин козгоп, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айып коюшту. Мамлекетке чыгым келген эмес, эч кандай далил жок. Ага кылмыш иши ачылгандан кийин Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Экинчи уулум Чыңгыз. Ал эми ак жерден эле күйүп кетти. Мен бизнес менен алектендим, үй курдум. Эшер бизнес жасаган жокмун десем эч ким ага ишенмек да эмес. Алдаган дагы болбойт. Бир участок алып, Чыңгыз уулума каттатып, ошол жерге үй кургам. Тилекке каршы, «временщиктер» кайра эле мыйзамды тебелеп, тескеме, декреттерди чыгарып, алып коюшту. Алар алып койгондон эмне пайда болду? Ал эч кимге зыяны жок мүлк да. Эч ким сатып албайт. Анткени ким болбосун сатып алаар алдында кожоюну Жаныш Бакиев экенин билет да, дароо баш тартат. Анткени мен кайсыл учур болбосун аларга сот аркылуу кайрылып, акчасын талап кылышым мүмкүн. Мен айтам: “Мен бул мүлктү бир жерден уурдаганымды тастыктап бергиле” деп.

Үчүнчү уулум Асылбек. 7-апрелде «Ата-Мекендин» мародерлору менин Шота Руставели көчөсүндөгү офисимди тоношуп, мына ошол жерден уулум Нурсултандын паспорту жоголгон. Аны менен кошо документердин баары жоголду. Эч ким аны калыбына келтиргиси келген жок.

Кичүү уулум Нурсултан 12 жашында чек арадан өтүп баратканда чек арадан кармашканын көптөр жазып чыгышканын уксаңыз керек. Тим эле коркунучтуу кылмышкерлердей кармашкан. Шылтоосу-жасалма документ менен чыгып баратканы болду. Алар жасалма документ менен чыкканга мажбур болушкан. Анткени жоголгон документин жасап бербей коюшту. Адамдар документ бергенден коркуп туруп алышты. Кичүү уулумду УКМКга коркунучтуу террорист, шпиондон бетер 1 сутка кармашты. Асылбекти андан көбүрөөк. Кийин аны соттошту, өз инисин жасалма документ менен алып чыгып баратканы үчүн деп. Мына, Атамбаев өзүнү каршылаштары менен ушундай деңгээлде күрөшөт. Мына алардын жүзү!

Күч структураларында ондогон жылдар иштеген адам катары, өзүмдүн турмуш жолумда бир нече жолу коомдон алыс ыргытылган абалды башымдан өткөргөн адам катары айтарым, Атамбаев эмнеден улам мага мынчалык өчөшкөнү таң калыштуу. Баарына “алкоголдук психоз” башкы себеп! Сизге кайсыл адис же медик болбосун айтып бере алат, араккеч адамдар акыркы күнүнө чейин душманын гана эмес, өзүнүн жакындарын, керек болсо туугандарын, аялын, балдарын да жек көрүп өтөт. Анын бир дагы интервьюсу, сүйлөгөн сөзү Бакиевдерди эстемейин өтпөйт. Мен ойлойм, бул мырзаны жакындан билген адамдар менин сөзүмө кошулат. Ал эми билбегендер үчүн балким мен алардын көзүн ачып жаткандырмын.

Атамбаевдин негизги максаты – Бакиевдерди Кыргызстанга кандай жол менен болсо да кайтып келишине жол бербөө. Ошон үчүн толгон-токой кылмыш иши, сыртынан узак мөөнөттөргө соттоолор болуп жатат.

Ал өзүн түбөлүк турам деп ойлоп жатат окшойт. Бирок ал өтө жаңылышып жатат. Биз сөзсүз барабыз, болгондо да жакын арада. Күткүлө.

Айтикеев А.: -Белорусияда дагы эмне менен алектенесиз? Бош убакытты кантип өткөрөсүз?

Бакиев Ж.С.: –Азыр деле мурдагыдай эле көп окуйм. Токойго сейилге тез-тез чыгып турам. Бир жумада 2 ирет бассейнге сүзөм. Балдарды, неберелеримди тарбиялап жатам. Бош убактымды мына ушинтип өткөрөм.

Айтикеев А.: –Жаныбек Салиевич, маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Бакиев Ж.С.: Адилет, Сизге ийгилик, ден-соолук жана Кыргыз элине бейпилдикти каалайм! Азыр убакыт тар болуп калды. Дагы бир топ айта турган сөздөр, фактылар, кызык окуялар бар. Аларды кийинчерээк кеңири мүмкүнчүлүк болгондо айтып берем.

Маектешкен Адилет Айтикеев 

“Искра плюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: