Эми коргоочулар мамлекеттик сырлар каралуучу соттук иштерде катыша алышат.
Кечээ Жогорку сотко караштуу Конституциялык палата мамлекеттик сырды ачыктаган же шпионаж жүргүзүүгө айыпталган адамдардын иштерине коргоочуларды катыштырбоо өлкөнүн Негизги мыйзамына каршы келээри жөнүндө токтом кабыл алган. Бул тууралуу “Медиа Полиси Институту” билдирген.
Конституциялык палатанын чечиминде юристтер өзүнүн кызматтык милдеттерин тоскоолдуктарсыз аткаруусу кереги айтылган.
Буга чейин соттор мамлекеттик купялуу иштерди кароодо иштин материалдарын атайын уруксаты жок коргоочуларга беришчү эмес.
Укук коргочу уюмдан билдиришкендей, эми коргоочулар бул уруксатты алуу талабынан бошотулган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ