Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында республикада мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жөнүндө “Өкмөттүк саат” өтүп жатат.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын маалыматында соңку 5 жылда 158 мектеп 3 нөөмөт менен окутуу жүргүзүп жаткандыгы айтылды. Тагыраак айтканда, 158 мектепке кошумча курулуш талап кылынат. Өлкө боюнча 191 мектеп, 2 бала бакча авариялык абалда. 380 мектеп капиталдык ремонтту талап кылат. Мындай көйгөйлөрдү республикалык бюджеттин эсебинен жана Сауд Арабия фондунан чечүү пландаштырылып жатат.
Ал эми учурда жалпы өлкө аймагында 1 млн 75 миң бала бала бакчаларда тарбияланууда. Жалпы бала бакчаларда 40596 бала көп болуп жатат. Бала бакчалардын жетишсиздигин “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдын негизинде чечүү пландаштырылып, бюджеттен жана бюджеттен тыш каражаттарды багыттоо каралууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ