Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков жаш министрлерге: «Сыноо алдыда, азыраак уктап, көбүрөөк иштегиле. Талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековдун, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун КР Жогорку Кеңешиндеги ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы үч жаңы министр тең иштин майын чыгара турган курактагы адистер экенин белгиледи.

«Сыноо алдыда, азыраак уктап, көбүрөөк иштегиле. Талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет. Берген антты дайым эстеп, эстен чыгарбагыла», — деп Президент ант берген министрлерди мамлекетке, элге ак кызмат кылууга чакырды.

Сооронбай Жээнбеков депутаттарга жаңы министрлерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, жаңыланган Өкмөттүн ишине ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: