Menu

Толкунбек Абдыгуловду тезарада кустуруп, жоопко тартуу керек

Бөлүшүү:

Биздин гана өлкөдө болчу шумдук иштердин бири ачыкталып, жумурай-журттун кыжырын келтирип турат. Ай-бандык ишти жасашыптыр-Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов үй алам деп 5,5 млн сом кредит алса, анын 4 млн 800 миң сомун кечип коюп жатпайбы. Э дурайындыкы, ошончо акчаны кечип койгондой, эмне Абдыгулов Улуттук банкты түздү беле же аны калыптандырды беле?! Деле ошол банкты кайра курган күндө деле ошончо сомду алууга кандай акысы бар?! Кенедей да акысы жок. Банктын өзүм билем жетекчилиги асмандан алып мыйзам чыгарып алган экен, “эмгеги сиңген адамдардын кредитин кечүүгө”. Банктагылар, бөтөнчө жетекчилиги оңбогондой айлык алышат. Эми анысы аз келгенсип миллиондогон сом кредиттерин кечтирип…- Мындай укукту аларга ким берген?! Өкмөт кайда карап олтурат, Жогорку Кеңеш менен президент кайда карап олтурат?!

Банк кызматкерлери жылуу-жумшак олтуруп алып акча санайт экен, улуттук валютанын курсун бир калыпта кармоого кам көрөт экен, акчаны кантип табуунун жолун издейт экен…анын баарын жылуу кабинеттерде олтуруп алып жасайт, олчойгон акы алат. Мейли, өтө кыжалат болгон адамга жүз миң сомго чейин жардам берсин, анан беш миллионго жакын акчаны кармата бергендик -айбандык эмеспи. Ошондой мыйзамды ичара кабыл алгандарды жоопко тартуу керек. Акчанын баарын кустуруу керек. Ошол ири суммадагы акчасын кечип жаткан адамдарда абийир барбы деген суроо да туулат. Атасынын башынын абийириби?! Буларыңдын абийирин акча деген желмогуз басып алган да. Булардын абийири акча менен чулганып, айбандыкка өтүп кеткен! Алар айбан сынындагы тили бар эки буттуулар!

Улуттук банкта былжырак мыйзам чыгарып алып, кимдер акчага тунуп турган?! Алар Улутук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү, Банктын төрагасы, орун басарлары, ар кандай кеңешчилери, жооптуу кызматкерлери болгон. Банк 2000-жылы кызматкерлерин үй менен камсыз кылуу үчүн 798 млн 869 миң сом бөлгөн. Бул сумманын ичинен 31 млн 921 миң сому кечирилген. Төрага Абдыгуловго бир жылга жетпеген убакка кеңешчи болгон Айбек Кадыркуловдун 5 млн сомун, Төрага орунбасары Нурбек Жеңиштин 5 млн сомун, банк башкармалыгынын мурунку мүчөсү Айжан Садыркулованын 5 млн сомун кечип коюшкан.

Менимче, Улутук банкыбызды шашпай, жакшылап “чукуп” көрсө, далай былыктар чыгарына ишеним бар.

Дагы айтабыз, кредиттин акчаларын толугу менен кайтартуу керек.

Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: