Menu

Миллионер Мааткабылов спорткомитетти базарга айлантты, мэр Суракматов эмнеге унчукпайт?

Бөлүшүү:

”Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы дене тарбия жана спорт Башкармалыгынын жетекчиси жана анын бир катар кызматкерлеринин мыйзамга ылайык келбеген иш аракеттери тууралуу мэрияга көрсөтмө берилип, бул кызматкерлердин аракетине баа берүү сунушу жолдонгон. Аталган Башкармалыктын жетекчиси Мааткабылов Ы. Ш. ушул күнгө чейин, көптөгөн терс иштери ачыкка чыкканына карабай, өз ишин улантып келет. Мааткабылов менен анын айрым адистерине мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына колдонгону үчүн кылмыш иши да ачылган. Анткен менен мэриядан буларга карата эч кандай чара көрүлгөн жок. Ушундан улам Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго суроо жаралууда: Мааткабылов Ы.Ш.нын кылыктарына көз жумуп коюу дагы көпкө созулабы? Бул жетекчи эки жыл ичинде спорт Башкармалыгын Аламүдүн базарына айлантып салганы мааниге ээ эмеспи? Мэрдин эмнеге анын мыйзамга каршы келген кылыктарын көрсө да көрмөксөнгө салып, көз жумуп койгону түшүнүктүү эле болуп турат, сыягы жетекчи креслосунун “ижара акысын” узак мөөнөткө төлөп койгон окшойт. Болбосо, Башкы прокуратура жана Бишкек шаардык прокуратурасы аталган жетекчи жана башкармалыктагы бир катар жооптуу адамдардын өз милдетин толук кандуу аткарбай, мыйзам чегинен чыккан аракеттери тууралуу көрсөтмө берген. Бирок… Башкармалык өз кезегинде ар кандай эреже бузууларга дисциплинардык жаза колдонулуп, тийиштүү чаралар көрүлүп, баары калыбына келгени боюнча убак – убагы менен курулай маалымат таратып коет.
Бишкек мэриясынын сайтындагы маалыматтарды окусаң, мэр абдан эле жигердүү иштеп жаткандай түр жаралат – бирде мектеп директорун иштен алып жаткан, бирде кезектеги жетекчиге эскертүү берип жаткан, мэрдин колу бир гана Мааткабыловго жетпей калдыбы. Мэрди баарын сатып алып, анан өз билгенин каалагандай жасаган Мааткабылов менен анын орун басарын иштен алуудан кармантып турган кандай себеп бар болду экен? Мааткабылов жана анын “командасы” үчүн Мыйзам деген чек жок, анткени, жетекчинин капчыгы калың, бардык “кызмат көрсөтүүлөргө” төлөп койгон, иши кылса жетекчинин креслосунда отурса болду ага.
Ушунча терс иштерди жасап, Башкармалыкты базар кейпине айлантып койсо да, бир аз эле уяты болгондо, кызматтан кетүүгө эчак эле өз эрки менен арызын жазмак. А бул жазууну ойлонбойт дагы, тескерисинче жанталашып креслого жабышканы жабышкан. Анткен менен креслого жабышып, ошончо майын чыгара иштесе да, мейли эле, үстүртөн гана көзөмөл кылат, кол коюу укугун орун басарына берип койгон. А орун басары ошол кызматка ылайык келбеген кадр. Мааткабылов үчүн ылайык келбеген кадрды орун басар кылып дайындап алуу маселе да жараткан эмес. Ал өз адамын мэриянын бардык кадрдык инстанцияларынан “сүйрөп” өткөрдү, документтерди кабыл алуу боюнча кадрлар бөлүмү орун басар боломун деген адамдын өмүр таржымалындагы мамлекеттик кызмат орунуна “ылайык келбеген” нерсени көз жаздымга салышты, анткени, колдоруна калың капчык кармашты. Ал эми кадр кызматы тестирлөөнү башка талапкерсиз өткөрдү.
Эмнеге бул жетекчи кызматка атасынан калган мурастай эле жабышты? Анткени, ал ишкер, болгондо да бутуна эчак турган МИЛЛИОНЕР! Ага иштейм албайт экенмин, ал тургай иштөөгө каалоом да жок, андан көрө жылуу-жумшак үйүмдө эле турайын, калп эле спорт үчүн күйүп-бышкан эмгекчил адамдай көрүнө бербейин деп ойлоно турган убак келип жетти. Бул кишиде акча бар, аз да эмес. Бирок Билим жок, ооба баш тамга менен Билим жок. Бизде тажрыйбасы, билимине эмес, капчыгына карап кызматка коюу адатка айланган көрүнүш боло баштады, ошондуктан, ЖЭБде авария болот, милицияда зоотехниктер менен стоматологдор иштеп жатат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: