Бишкек шаарындагы троллейбустар саат 22:00гө чейин кызмат көрсөтүп баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечим аба-ырайына байланыштуу бүгүн кабыл алынды.
Буга чейин троллейбустар акыркы каттамга саат 20:30да чыкчу. Бишкек троллейбустук башкармалыгынын балансында 164 троллейбус бар. Алар 9 каттамды ишке ашырышат.
Транспорт башкармалыгынын билдиргенине таянсак, азыркы тапта шаар ичинде 90 автобус, 121 троллейбус жана 1 миң 806 маршруттук такси иштеп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ