Menu

АКШда тажикстандык магистр профессорду өлтүрүүгө шектелүүдө

Бөлүшүү:

Нью-Йоркто сот  66 жаштагы Жереми Сафранды өлтүрүү шеги менен Тажикстан жараны Мирзо Атажановду бир айга камакка алды. Маркум The New School окуу жайында сабак берген жана Нью-Йорк университетинин пост-докторантура маселелери боюнча кеңешинин мүчөсү болгон.

Профессордун сөөгү 8-майда Бруклиндеги үйүндө табылган, дарыгерлер ал балка менен башка жеп өлгөн деген бүтүм чыгарышкан.

Мирзо Атаджанов маркумдун үйүнө уурулукка кирип, киши өлтүрүүгө шектелүүдө. Анын адвокаты тергөө бүткөнгө чейин мындан башка маалымат бербей турганын билдирди. Мирзо Атаджановдун күнөөсү далилденсе, ал 25 жылга чейин эркинен ажратылышы мүмкүн.

Маркумдун кесиптештери профессор медицина чөйрөсүндө белгилүү, токтоо жана ак көңүл киши болгонун белгилешти. Өз кезегинде айыпталуучунун апасы Гүлчехра Низомиддинова жергиликтүү телеканалдардын бирине телефон аркылуу маек берип, баласынын күнөөлүү экенине ынанбай турганын, ал акылдуу, боорукер экенин билдирди.

Атажановдун социалдык түйүндө LinkedIn профили бар, ал жерде Тажик мамлекеттик медицина университетин жана Brooklyn College окуу жайында магистратураны бүтүргөнү жазылган. Ал Нью-Йоркто «Champion» шахмат клубун негиздеген. 2018-жылы мартта Obridge Academy мектебине жумушка орношуп, «Жалпы биологиядан» сабак берген.

“Азаттыктын” тажик кызматынын өз булактары Мирзо медиктердин үй-бүлөсүндө чоңойгонун, атасы Душанбеде, апасы АКШда жашай турганын кабарлашты. Айрым ММКлардын маалыматы боюнча Мирзо Атаджанов 2016-жылы канадалык турист кызды зордуктоого шектелип, бирок бул иш далил жок болгондуктан токтотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: