Menu

Адилеттиктин нурун чачыратышар деген асыл ойго кабыламын

Бөлүшүү:

Мындан бир нече жыл мурда жумурай журтубузга аттын кашкасындай таанымал акын, журналист, публицисти К. Жуманазаровду акыркы жайына узатууда айкөл Манасты, Семетейди, Эр Төштүктү драмага айлантып жазган Сыдыков Жалил аке: “Бул жерде Кудайберген Жуманазаровдун жердештери – кетмен-төбөлүктөр турасыңар. Кудайберген чоң акын эле, жакшы адам эле. Жазган ырлары көп эле. Эми ушуларды топтоп, өзүнчө жыйнак кылып, басмадан чыгарып койсоңор Кудайбергендин арбагы ыраазы болуп калар эле. Ушуну ойлонуп койгула”, – деген болуучу. Кыргыз эл акыны Жалил акенин боор толгоп айткан ушул кептери мени ойго салып койгон. Арадан көп айлар өтүп, далай мезгил алмашкандан кийин бир тойдо Осмонбек Артыкбаев менен бирге болуп калгандыктан, ары дөөлөттүү, ары мартабалуу, ары даражалуу бул мырзага “Кудайберген акенин китебин чыгарып койуш керектигин, анан да Каратал болуш тууралуу чыгарма жаздырууну эске алууну” кеп арасына кошуп кеткен элем. Ошондо Осмонбек мырза. “Мага көп эле өнөр адамдары келишип, мени менен кең-кесири сүйлөшүп кетишет. Бирок, эмнегедир булар тууралуу алардын бири да айткан эмес. Эгерде мүмкүнчүлүгүң болсо, жумушка келсеңиз, ошондо ушулар тууралуу кеңири сүйлөшөлү”, – деген болуучу чын ыкыласынан.

Сурун салган сур замандын оош-кыйшы күчөп тургандыктанбы, анын үстүнө Кошой бийдин, Туума бийдин, Бозтери, Актери баатырдын кеңешин угуп, Жайыл, Байдөөлөт, Качыке баатырды жанына алып жүргөн Эр Садыр тууралуу романды жана шоораты далайга жеткен, даңкы дабандарды ашкан Жалдуу Каба жөнүндө көлөмдүү чыгарма жазуунун үстүндө түйшүк тартып жүргөндүктөнбү, айтор, эч мүмкүнчүлүк болбой, Осмонбек мырзанын иштеген жерине баралбай, ага кайрадан жолуга албай калгам. А бирок Узун-Акмат өзөнүндөй ташкындаган акын К. Бакировдун, Чолпон жылдызындай баркырап жанган Б. Чотурованын щыгына шык кошкон, жана да чыгармачылык менен алектенип жүргөндөрдүн бир тобуна көмөк көрсөтүп, булардын жүрөгүн жылытып, кыялын чабыттатууга өбүлгө болгон Осмонбек Артыкбаев жаны жаннаттан жай алып, бейиши болгур К. Жуманазаровдун ырларынын бир томдугуна демөөрчөлүк кылып, 2012-жылы басмадан чыгарып берген. Ошондой эле кара сөздүн чебери Макей Жоошбаевдин “Тогуз кайрык” аттуу романын да басмадан жарык көрсөтүп, окурмандардын китеп текчесинин төрүнөн орун алышына (2014-жылы) өбөлгө болгондордун башында турган. Ошентип калемгерлерди, ыр ышкыбоздорун кубанткан. Ошондой эле тоо булбулу Токтогул атанын, актандай Коргоол атанын мараакесинин жогорку деңгээлде өтүшүнө бараандуу салымын кошкон.

Ошондон улам байыркы баатыр, парасаттуу, адил, жөн билги бабаларыбыз; “Жакшылык өмүр шамы – чөккөн көнүлдүү чалкытат, өчкөн оттуу тамызат”, – деген көрөнгөлүү накыланы маани берип, бийлик мунарасындагылар, укук коргоо органдарындагылар изги тилектүүлөрдүн ой-мүдөөсүн эске алышып, адилдик менен калыстыктан тайбастан жумурай журтубуздун керегине жараган, дагы далай жакшылыкты жасоо колунан келе турган мырза инсан Осмонбек Артыкбаевдин жылдызынын кайрадан баркырап жанышына өбөлгө болушар деген асыл ойго кабыламын.

Тойчубай Субанбеков, жазуучу, Эл аралык “Түгөлбөй Ата” коомунун сыйлыгынын лауреаты

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: