Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2016-жылдын 26-июнунан 28-июнуна чейин Кыргыз, Тажик жана Кытай Эл Республикасынын чек арасында, Алай тоо кыркаларында баардыгы болуп, жалпысынан 28 жолу 3 баллдан 5 баллга чейин жер титирөөлөр кайталанып турду.
Кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Жер титирөөнүн күчү Ош облусунун аймагында орточо эсеп менен 4-5 баллга чейин сезилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ