Menu

Эдил Байсалов: Мен Сооронбай Жээнбеков болсом, курултайга барбай эле коёт элем

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, чыйрак лидер катары айтсаңыз, курултайдын өтүшүнө даярдыктар көрүлүүдө, оюңуз кандай?

– Курултай деп өтө турган жыйын жакшы демилге болуптур, бирок, кечээ күнү пресс-конференциясында Кеңешбек Дүйшөбаевди көрүп, азыркыча айтканда, «когнитивный диссонанс» болдум. «Бийлик элди укпай калганда, курултай өткөзүп элдин мүдөөсүн жеткизебиз» дейт. Бул киши Аксы окуяларынан бери канча курултайды өткөздүрбөй, элди малча айдап, тоскоол кылганын унутуп калганыбыз кандай? Ал үчүн качан кечирим сурады эле элден? Жеке менден сураган эмес. Мен эч качан бул кишинин 2003-жылы 17-мартта, эски аянтта Аксыга куран окутуп атканда Токон Шайлиева экөө каткыра тоскоолдук жаратышып, музыка коюшуп, кыздарды бийлеткенин унутпайм. Бакиевдердин учурунда Нурлан Мотуевден бешбетер трайбалист болуп, өзүн-өзү сарыбагыштардын ханы кылып жарыялабады беле?! Убактылуу өкмөт учурунда июнь окуяларына чейин бир дагы жолу Ошко барып койгон эмес. Улуттук коопсуздукту камсыздачу генерал өрт чыкканы үчүн дагы жоопко тартылган эмес. Мен башкаларын айтпай эле коёюн. Эми кантип ушул киши азыркы бийликке баа бере алат экен? Ушул «Курултай» деген ат менен эски аткаминерлер, коррупцияга малынып, убагында өздөрү элге каршы иштеп, бир жаратмандык кылбагандар чыкпай эле койсо деген каалоо. Элдин атынан таза адамдар сүйлөп, талап коюуга укуктуу. Итпай-чотпайдын баардыгы эле «элбиз» деп чыга берсе, тескерисинче, жийиркентет. Мен Сооронбай Жээнбеков болсом, бул курултайга барбай деле коёт элем.

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: