Menu

Депутат Айсулуу Мамашова: “Centerra Gold Inc. Компани менен түзүлгөн акыркы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына таптакыр дал келбейт”

Бөлүшүү:

“Кумтөр» алтын кенин иштеткен Centerra Gold Inc. Компани өз үлүшүн сатканы жатканы жөнүндө сөздөр айтылууда. Алтургай бул жөнүндө компаниянын кызматкерлери айтып жатат. Мурдагы өкмөт жаңы келишимге кол койгон, бирок эмдигиче бюджетке акча түшө элек”,– мындай пикирин депутат Айсулуу Мамашова бүгүн 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой сөздөр бар экенин, өкмөттү акыркы келишимдин шарттары канааттандырбай турганын, келерки аптада компаниянын жетекчилери менен жолугушуп, анын жүрүшүндө сүйлөшүүлөр кайсы деңгээлде болуп жатканы белгилүү болорун айтты.

“Келишимдин шарттары канааттандырбайт, биз каражаттын түшүшү боюнча өз позициябызды бекемдөөгө тийишпиз. Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестициянын тартылышы боюнча келишим 5 жолу убактылуу узартылды. Ал азыр биздин талаптарыбызды кароодо, ошондуктан сүйлөшүүлөр качан жана кандай аяктары азырынча белгисиз. Кыскасы, келишим азырынча күчүнө кире элек, анда биз аткара турган да, компания аткара турган да талаптар бар”,– деди өкмөт башчы.

Айсулуу Мамашова “Centerra Gold Inc” Компани менен түзүлгөн акыркы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына таптакыр дал келбей тургандыгын билдирди

“Бул келишимге кол коюлгандан кийин, мөңгүлөрдү бузууга жол бере турган мыйзамга да кол коюлуп, мөӊгүлөрдү жок кылууга жол ачып бердик. Мындайча айтканда, биз баарын аткардык, ал эми компания өз милдеттенмелерин азыркыга чейин аткарган жок”,- деди Мамашева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: