Menu

Тажикстанда жарандарды «ИМ» тобуна азгырган мугалим 19 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Тажикстанда жарандарды «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун катарына кирүүгө азгырган англис тил мугалими Жахонгир Касымов 19 жылга соттолду. Ал жаза мөөнөтүн катаал абакта өтөйт.

Душанбе шаардык соту өкүмдү 15-ноябрда чыгарды. Бул кылмыш иши боюнча айыпталган дагы 9 киши, анын ичинде Касымовдун төрт окуучусу алты айдан 19 жылга чейинки мөөнөттөргө кесилишти.

22 жаштагы англис тил мугалими Жахонгир Касымов быйыл июлда камакка алынган. Сотто ал англис тил курстарында сабак өтүп, чет тилинде Куран үйрөтүп, «жихад» идеясын таратканын моюнуна алды. Ошондой эле ал «ИМдин» пропагандачылары менен социалдык түйүндөр аркылуу таанышканын, кийинчерээк алардын идеологиясын кабыл алып, жайылта баштаганын айтты.

Мугалимдин туугандары менен адвокаты өкүм менен макул эмес экендиктерин жана ал боюнча жогорку баскычтагы сотко датта тургандыктарын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: