Menu

Башкы прокуратура сотторду жазалай баштады, депутаттардычы?

Бөлүшүү:

Ушул чактарда Башкы прокуратура бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлбөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар бир нече судьяны жооп­керчиликке тартууга ниеттенип жатат. Ошондой эле жаза­лоочу бул орган Соттор кеңешинин алдындагы Дисципли­нардык комиссияга ошол «бир нече судьяларды» дисципли­нардык жоопкерчиликке тартуу сунушун жөнөтүшкөнүн билдиришти.

Башкы прократуранын айтылган андагы маалыматына караганда, судьялардын мүлкү жашырылгандыгы тууралуу Салык кызматынан келген материалдарды карап чыккандан кийин белгилүү болгон. Албетте, бул колдоого алынаарлык иш дейли. Эми анча болду, так ушу декларация боюнча жал­пы коомчулуктун кыжырын келтирген Жогорку Кеңештин «бечера» депутаттарынын да жакында эле жарыяланган декларацияларын жакшылап казып, ошол «жасалма бай­куштарды» да укуктук негизде жазалаганга кудуреттери жетээр бекен? Анан калса мамлекеттин башчысы чинов­никтердин декларациясын текшерүү – коррупцияга каршы күрөштүн милдеттүү бир бөлүгү болоорун билдирген эле го? Болгондо да парламенттин бийик трибунасында туруп…

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: