12-ноябрда Казакстандын дзюдо боюнча чемпиону Жасулан Абиев башынан жаракат алып көз жумду. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазып чыкты.
Окуя Семей шаарындагы Каражыра көмүр бөлүмүндө кезекте турган учурда болгон. Ал жерден уруш чыгып, спортчу алган жаракатынан улам көз жумган.
Берилген маалыматта үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында милиция кызматкерлери ыкчам аракеттер менен шектүүнүн изине түшүшүп, Семей шаарынын 1994-жылы төрөлгөн тургунун кармашканы жазылган.
Айта кетсек, Жасулан Абиев 2010-жылга чейин профессионалдык түрдө машыккан, андан кийин бизнес менен алектене баштаган.
Казакстан үчүн бул спортчунун өлүмү биринчи жоготуу эмес. Эскерте кетсек, 2018-жылдын июль айында Сочи олимпиадасындагы коло медалдын ээси Денис Тен өлтүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ