Menu

Видео – 32 миллион сомду кимдер бөлүп алышкан?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын улуттук банкы 2000-жылдан тарта өзүнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо үчүн 798 млн 869 миң сом каражат бөлгөн. Алардын ичинен 31 млн 921 миң сом же 4%ы жалпы суммадан алынган. Бул каражат кимдерге бөлүндү? Албетте, мекеменин кызматкерлерине эмес, Кыргыз улуттук банкынын башчыларына, орун басарларга, кеңешчилерге жана жетекчиге бөлүнгөн. Бул тууралуу Компромат.KG жазып чыкты.

Толкунбек Абдыгуловдун мурунку кеңешчиси Айбек Кадыркулов мекемеде бир жылга жетпеген убакытта иштесе дагы ага карыз катары 5 млн сом берилген. Бирок Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын жана банк ишмердиги боюнча мыйзамындагы 71-беренеде “Турак жай үчүн каражат кызматкер өзүнүн ишин аткарып жатып каза болгондо же кызматынан улам 1-2 топтогу майып болуп калганда гана берилиши керек”, – деп жазылат.

5 млн өлчөмүндөгү каражат жетекчинин орун басары Нурбек Женишке дагы бөлүнгөн. Аткарган кайсы кызматы үчүн?

Ошондой эле тизмеде банктын мурунку мүчөсү Медет Садыркуловдун кызы Айжан Садыркулова да бар. Ага дагы 5 млн сом каралган.

Кыскасы 32 млн сомду банктын башкаруу кызматы эле бөлүп алган.

Баса, эгерде Улуттук банктын расмий сайтын nbkr.kg карасаңыз мекемде иштеген кызматкерлер жөнүндө такыр маалымат жок. Бул жашыруун түрдө иш алып баруу эң ыңгайлуу. Себеби кадр маселесинде каалаган адамды жумушка алып, каалаганын кетире берүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми эл кимдер иштеп жатканын билбейт.

Биздин божомолубуз боюнча Абдыгулов камакка алынуудан коркуп өлкөдөн чыгып кетти. Учурда ага кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, экономикалык кылмыштар жана ОАО “РОСИНбанктын” тегерегиндеги финансылык махинациялар боюнча бир нече кылмыш иши козголгон.

https://www.facebook.com/kompromat.kg/videos/2140768496140681/

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: