Бүгүн, 16-ноябрдан тарта эки күн коомдук кеңештердин өкүлдөрү өздөрүнүн стратегиялык планын талкуулашат. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинен кабарлады.
Буга чейин 2016-2018-жылдары ишке аша турган стратегия кабыл алынган болчу. Иш-чарада өткөн жылдары жасалган иштер каралып, жетишкендиктерди жана кемчиликтерди эске алуу менен, кийинки жылдардагы координациялык кеңештин стратегиясын түзүүнүн үстүндө иш жүрөт.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү менен Азамат Дикамбаев, Мурат Шаимкулов жана Александр Третьяков эксперт катары иштешүүдө.
Иш-чара ПРООНдун “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия”- долбоорунун колдоосунда өтүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ