Ош облусунда ооруканалардын биринде экинчи кабаттын терезесин тазалап жаткан аял кулап кетип каза болду. Бул тууралуу ОШ ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн 16-ноябрда эртең менен болгон. Анда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын санитардык кызматкери, 1964- жылы туулган О.Т аттуу аял оорукананын экинчи кабатынын терезесин тазалап жатканда кулап кетип жерге башы менен тийген. Ал оор жаракат алып ошол жерден каза болгон.
Учурда Ош ШИИБи бул окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ