Бишкектин Ленин райондук сотунда футбол аянтчасын ижарага алып иштеткен Акылбек Тороевге карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук процесси уланууда. Ага КР кылмыш-жаза кодексинин “коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды сатуу же кызматтарды көрсөтүү” жана “өзүн-өзү билемдик” беренелери боюнча айып тагылган.
Каза болгон 11 жаштагы Алан Айсаевдин апасы Нестан Исабекова айыпталуучу андан тосмо арыз жазууну суранып, акча сунуштаганын билдирген.
“Мен мындай ишке эч качан барбайм. Андай кылсам баламдын элесин саткан болуп калам. Тороев бизге башынан эле акча сунуштап, аны эч кандай сот жазага тартпаарын, анын бул окуяга тиешеси жоктугун айткан. Бирок биз тосмо арыз жазбайбыз, ал коопсуздук техникасын сактаган эмес, дарбазаны бекитпей койгон,” – деп билдирген Нестан Исабекова.
Айыпталуучу болсо анын сатып алган жерине футбол аянтчасын салууга гана уруксаты жок экенин билдирген.
Эске салсак, 13-июнда жеке футбол аянтчасында 11 жаштагы Алан Айсаев каза болгон, аны дарбаза басып калган. Алган жарааттарынан бала ошол жерден көз жумган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ