Мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаев оппозиция тарабынан уюштурулуп жаткан курултайга катышуу жөнүндө бир чечимге келек элек. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, бул маселе али талкуулана элек. Бирок Алмазбек Атамбаевге 24-ноябрда курултай өтөөрү жана аталган курултайга мурунку өлкө башчылар, алардын ичинде Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдер дагы чакырылганы белгилүү. Айта кетсек, бул иш-чарага өлкөнүн учурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков дагы чакырылган.
Уюштуруучулардын пикиринде, буга чейин өлкө башчылар тарабынан дал ушул курултайларга көңүл бурулбагандыктан, өлкөдө туруктуулук бузулган.
Курултайда Кыргызстандагы учурдагы коомдук-саясий кырдаал, ошондой эле өлкө башчылардын, алардын ичинде бийликти өз эрки менен өткөргөндөрдүн дагы, өлкөдөн качып кеткендердин дагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ