Орусиянын Назрани шаарында (Ингушетия) 17-ноябрда өткөн таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча «М-1 challenge 99» мелдешинде кыргызстандык спортчу Бусурманкул Абдибаит уулу 65.8 килограммга чейинки салмакта рингге чыгып, орусиялык Залимбек Омаров менен күч сынашты. Үч раундга созулган таймаштын жыйынтыгында, калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык спортчуга ыйгарып, Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишке жетти. Эр азаматыбыз кыргыздын туусун желбиреткени үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз. Эске салсак, Бусурманкул кесипкөй рингде ушуну менен жалпысынан 14 беттеш өткөрдү. Буга чейин 10 жолу жеңишке жетип, эки жолу жеңилип, бир жолу тең чыккан.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ