Menu

“Сүрөттөр сүйлөйт” же Талант Султанов эмне максат менен митингге барды?

Бөлүшүү:

25-ноябрь күнү Бишкек шаарында «Коррупцияга каршы» деген ураан менен митинг болуп өттү. Митинг болду, өттү. Митингде мурунку бийликтин кызыкчылыгын коргогон адамдардын арбын жүргөнү көзгө урунду. Эгерде алар азыр да кызматта олтурганда митингге басып да барбайт эде. Мисал келтирсек, камактагы мурунку Өкмөт башчы Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп жанында жүргөн Талант Султанов
митингдин активдүү катышуучусу болду. Эми анын эмне максат менен барганы бедгилүү да.

Эстеп көрсөк, 2017-жыддын 30-март күнү ошол кездеги президент Адмазбек Атамбаев Эркин Европа
Радиосу/Азаттык Радиосу медиакорпорациясынын президенти Томас Кентти, «Азаттыктын» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Венера Жуматаеваны кабыл алган эде. Ошол жолугушууда так ушул Тадант Султанов «азаттыкчылардын» жандоочусу болуп кошо жүргөнүн сүрөттөр далилдеп турат.

 

Алмазбек Атамбаев “Азаттык Радиосу” медиакорпорациясынын президенти Томас Кентти кабыл алууда

Томас Кент, Талант Султанов жана Венера Жуматаева Атамбаевдин кабыл алуу учурунда

Алмазбек Атамбаев жана Томас Кент

«Азаттык» менен Султановдун кандай байланышы бар? Демек, Талант Султановдун митингге кандай максатта барганы айтпасак да түшүнүктүүбү? «Коррупцияга каршы» митингинин аркасынан кимдин кулагын көрсөк болот, ыя? Тереңден аңдап баа берип көрбөйлүбү, кыргыз журтчулугу…

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: