Menu

“Охо-хо-хо холдинг” деген эмне?

Бөлүшүү:

«Улуттук Энергохолдинг» деген аталыштагы башкармалык бар. Айбек Калиев камалып кеткени башкармалыктын эки тизгин бир чылбыры Азамат Абдыкадыров деген немеге тийген. Эмнени кыйратып атканын билбейбиз, бирок 200 000 (эки жүз миң) сомдун тегерегинде айлык алаарын жакшы билебиз. Эки-үч жума мурун Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров Абдыкадыровго: «Канча айлык аласыз, так сурайын, сентябрь айында канча сом колуңузга алдыңыз» деген суроо берди. Азамат мырза, «100 000 (жүз миң) сом алам» деп жооп берип, кээде бул суммадан да ашык айлык болоорун кошумчалады. Ошондо бул алган айлыгынын теңин эле айтты. Жашырды. Эми бизге кызыгы Азамат Абдыкадыров кайсы эмгеги үчүн олчойгон айлык алат? Дегиле «Энергохолдинг» деген эмне кызмат аткарат? Булардын эмгеги мындай айлыкка татыктуубу? Суроолор көп, жооп жок…

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: